icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

13-август күнү «Иммундаштыруу — мамлекет менен диний уюмдардын өз ара аракети» деген теманын алкагында тегерек стол болуп өттү.

👁 2130
Опубликовано: 16 августа 2021

Жыйынга муфтияттын өкүлдөрү жана Саламаттыкты Сактоо министирлигинин кызматкерлери катышты.Саламаттыкты сактоо министирлиги тарабынан атайын презентация көрсөтүлдү. Көргөзмөдө ковидке каршы вакцина боюнча маалымат берилип, суроо-жооп менен коштолду. Мындан сырткары муфтияттын кызматкерлеринен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жардам берүүсүн суранды.


Республикалык Эмдөө Борборунун директору Гулбара Сатыгуловнанын айтмында: “ Биз жер – жерлерде диний көз караштагы адамдарга эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жыл сайын 7000 диний көз караштагы адамдар эмдөөдөн баш тартат. Биз мобилдик бригадаларды жума намаздан кийин эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө , калкты эмдөөгө жөнөтүп жатабыз” – деди.
Ал эми Кыргызстандагы Дин башкармагынын орун басары Абилла ажы Кадырбердиевдин айтымында учурда жума намазынан кийин атайын түшундүрүү иштери жүргүзүп келе жатабыз деп буларга токтолду: “Болгону исламда даарылануучу вакцина, даары-дармек дейбизби курамында арам нерсенин болбоосун этибарга алынышы керек. Андыктан көп адамдар дин даарыларын түшүбөстүктөн, түркөйлүктөн кабыл алган адамдар да болот. Бирок исламда даарылануунун маңызын билсе, даарыланууну эч кандай четке какпайт” деди.


Ошондой эле ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен Ош , Чүй, Ыссык — Көл облустарында жана Бишкек шаарында тегерек столдор өткөрүлдү. Калкты иммунизациялоо — саламаттыкты сактоонун эң ийгиликтүү жана эффективдүү чараларынын бири. Ар бир бала эмдөө графигине ылайык, өмүрдү сактап калуучу вакциналарды алууга укуктуу. Эмдөө — COVID-19 менен күрөшүүдө эң эффективдүү чаралардын бири.
Тегерек столдун максаты — диний өкүлдөрдүн арасында иммунизациялоо, кадимки эмдөө жана COVID -19га каршы эмдөө боюнча билимдин сапатын, көндүмдөрдү жогорулатуу. Бул иш -чара кеңири коомдук колдоону түзүү үчүн мамлекет менен диний уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтөт, анын ичинде иммундаштыруу маселелеринде жергиликтүү диний лидерлерди колдоо жана ошону менен эмдөө жөнүндөгү мифтерди жана туура эмес маалыматтын санын азайтуу үчүн шарттарды түзөт.