icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Бишкекте “Кыргызстандын иммунопрофилактика программасынын 30 жылдыгы: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана өнүгүү келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

👁 162
Опубликовано: 21 июня 2024

Бүгүн, 21-июнда Бишкекте “Кыргызстандын Эмдөө программасынын 30 жылдыгы: жетишкендиктер, чакырыктар жана өнүгүүнүн келечеги” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарага Роберт Кох институтунун (Германия Федеративдик Республикасы), Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттык комитетинин, М. П. Чумаков атындагы Иммунобиологиялык препараттарды изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча Федералдык илимий борборунун (Орусия Федерациясы), Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин Вакцина менен башкарылуучу инфекцияларды көзөмөлдөө башкармалыгынын, Г. Н. Габричевский атындагы Эпидемиология жана микробиология илимий-изилдөө институтунун (Орусия Федерациясы), Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, Вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын, ЮНИСЕФтин регионалдык бюросунун, Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин ж.б. өкүлдөрү катышты.

Республикалык иммунопрофилактика борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 1994-жылдын 6-сентябрындагы буйругу менен түзүлгөн.

Иммунопрофилактика борборунун негиздөөчүсү, эпидемиолог дарыгер Светлана Фирсова борборду 1994-жылдан 2001-жылга чейин жетектеп, республикада эмдөө кызматынын калыптанышына зор салым кошкон. 2001-жылдан 2017-жылга чейин 16 жыл бою борборду иммунолог дарыгер, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун отличниги Жолдош Калилов жетектеп келди. 2017-жылдын апрелинен бери борбордун директору – Гулбара Ишенапысова.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева иш-чараны ачып жатып, төмөнкүлөрдү белгиледи: “Эмдөө жана вакцина менен башкарылуучу оорулар менен күрөшүү боюнча улуттук, аймактык жана глобалдык максаттарга 2020-2024-жылдарга “Иммунопрофилактика” Улуттук программасын ишке ашыруу жолу менен жетишип келатабыз. Үзгүлтүксүз пландуу эмдөө дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун экономикалык жактан натыйжалуу стратегиясы болуп саналат. Бул стратегияны ишке ашыруу менен балдар арасында оорулардын санын, өлүм көрсөткүчүн жана майыптыгын кескин азайта алабыз. ДСУнун маалыматы боюнча, полиомиелитке, селеймеге, дифтерияга жана көк жөтөлгө каршы эмдөө жыл сайын 2-3 миллион адамдын, күн сайын он миңге жакын адамдын өмүрүн сактап калууда жана миллиондогон адамдарды оорудан жана майыптыктан коргоп жатат. 2000-2022-жылдар аралыгында кызамыкка каршы эмдөө 57 миллион адамдын өмүрүн сактап калып, кызамыкка каршы вакцина коомдук саламаттыкты сактоонун кыйла натыйжалуу жетишкендиктеринин бири кылды. 2000-жылдан бери дүйнөдө полиомиелит менен ооругандардын саны 99% азайды”.

Конференциянын катышуучулары жугуштуу оорулардын алдын алууда эмдөөнүн маанилүүлүгүн, ДСУнун Европа чөлкөмүндө кызамыктын жайылуусуна байланыштуу көйгөйлөрдү, вакциналардын коопсуздугун, калктын маалымдуулугунун ролун, эмдөөгө суроо-талаптын жана ишенимдин жогорулашын, бир катар инфекцияларга, анын ичинде Кыргыз Республикасында “В” вирустук гепатитине каршы эмдөөнүн натыйжалуулугун баалоону жана башка көптөгөн маселелерди талкуулашты.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Республикалык иммунопрофилактика борбору жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму уюштурушту.

Кыргызстанда иммунопрофилактиканы өнүктүрүүгө көмөктөшкөн өнөктөш уюмдардын өкүлдөрүнө эсте калчу сыйлыктар тапшырылды.