icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

ЕЭЖ 2022 Ош облусунда жана Ош шаарында

👁 310
Опубликовано: 20 мая 2022

Европалык эмдөө жумалыгынын 2022 алкагында Ош шаары жана Ош облусу боюнча бир канча иш аракеттер аткарылды. ЕЭЖ жугуштуу оорулардан коргоонунун негизги профилактикалык чараларынын бири катары иммунизацияга коомчулуктун көӊүлүн буруу максатында флешмоб өткөзүлүп 50дөн ашык жарандарыбыз анын ичинен ата-энелер жана медицина кызматкерлер катышты, “Баарына узун өмүр” урааны менен элдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бир канча ата-эне учурунда эмделбей калган балдарын эмдөөдөн өткөрүштү. Натыйжада 30 ата-эне балдарын эмдөөгө макул болушту.

Бардык адамдар, кайда болбосун, аларга керектүү жана сапаттуу вакциналарга эркин жете алышы керектигин белгилеп, ЕЭЖ алкагында ҮДБ1 дин 8-филиалынын дарыгерлери, мобилдик ыкчам топтору менен бир жума ичинде 18 жаштан жогорку жарандарга COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүсүнө үгүттөө иштери жүргүзүлдү жана бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Белгилей кетсек өлкөбүздө Pfizer, Moderna жана Sinopharm кампанияларынын вакциналары бар жана эмдөөдөн өтүү үчүн жашаган жериниздеги ҮДБ/ҮДТ/ФАП кайрылсаныз болот. Эмдөө АКЫСЫЗ жүргүзүлөт.

Ош шаары жана Ош облусу боюнча, 2021 жылга баш таркандар 1-кварталга 1% түзсө, бүгүнкү күндө, аткарылган иш чаралардын негизинде 0,8% түздү.

Урматтуу ата-энелер!

Пандемия COVID-19га байланыштуу же башка бир себептер менен ПЛАНДУУ ЭМДӨӨНҮ убагында баланызга жасатпай калган болсонуз жашаган жериниздеги ҮДБ/ҮДТ/ФАП кайрылсаныз болот. Эмдөө АКЫСЫЗ жүргүзүлөт.

Профилактикалык эмдөөлөр сизди жана балдарыңызды коркунучтуу жугуштуу оорулардан коргоонун бирден-бир жолу.

#эмдөөсиздинбаланыздыкоргойт

#ЕНИ2022Кыргызстан

#долгаяжизньдлявсех