icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кептөөр

👁 3308

Опубликовано: 28 июня 2019
Обновлено: 9 июля 2020

 

Кептөөр — кептөөр таякчасы тарабынан пайда болгон курч карма- ган инфекциялык оору. Негизинен жөтөлүү жана чүчкүрүү учурун- да аба аркылуу жугат. Оорулуу жана бактерия алып жүрүүчү адам жуктуруунун булагы болуп саналат. Көп учурда кептөөр жогорку дем алуу жолдорунун, айрыкча кекиртектин курч сезгенүүсү түрүндө өтөт. Сейрек учурда мурун, көз, кулак, териде алардын жабырлан- ган жерлеринде, жыныс органдарында кептөөр пайда болот. Инкубациялык мезгили 2 күндөн 10 күнгө чейин созулат.

Оорунун эң эле кеңири тараган түрү ооз-кекиртектин кептөөрү бо­луп саналат.

Симптомдор:

Балдар үчүн тамактын жана дем алуу жолдорунун кептөөрү (кептөөр кагыны) олуттуу коркунуч туудурат. Температура 40°Сга чейин жого- рулайт, одоно, үргөн жетел пайда болот. 2-3 суткадан кийин жөтөл жана үн даана угулбайт, андан кийин такыр эле үнсүз болуп калат. Тамак шишип жана тарып кетишинен улам дем алуу кыйындайт жана муунуп калышы мүмкүн. Эгерде кептөөр сары суусун өз учурунда куйбаса, бала дем алуунун жетишсиздигинен көз жумушу мүмкүн.

Кептөөр таякчасы организмге келип түшүү менен оор татаалдашуу- ларды: жүрөк булчуңдарынын жабырлануусу (миокардит), нервдер- дин жабырлануусу (полиневрит), буту-колдун, дем алуу булчуңда- рынын жана диафрагманын шал болуусун пайда кылуучу ууну иштеп чыгат.

Кантип сактануу керек?

Кептөөргө каршы эмдөө:

Толугураак «Вакцинациянын түрлөрү» бөлүмүндө.