icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Көк жөтөл

👁 3626

Опубликовано: 28 июня 2019
Обновлено: 9 июля 2020

Көк жөтөл- көк жөтөл таякчасы тарабынан пайда болгон курч ин- фекциялык оору. Чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөшүү учурунда аба аркылуу жугат. Көп учурда кекжетел менен 6 жашка чейинки балдар оорушат. Өзгөчө кек-жөтөл балдардын өмүрүнүн биринчи жылында коркунучтуу.

Оорунун биринчи белгилери КДВО (курч дем вирустук оорулары) жана КРОго (курч респиратордук оорулар) окшош: дене табынын жогорулашы, мурундун бүтүшү жана жөтөл. 7-10 күндөн кийин жөтөл күчөйт, приступ сыяктуу “үрүүчү” болуп калат жана тамактагы тырышуулар менен коштолот. Жөтөлдүн приступтары кусуу, беттин кызаруусу жана көгөрүүсү менен коштолушу мүмкүн. Бир күн ичин­де 20-30га чейин жеткен приступтар болушу ыктымал. Эмчектеги балдарда көк-жөтөл чагылгандай тез өтүүчү формада болот жана узакка созулган жөтөлүү приступтарынан кийин дем алуу токтоп ка- лышы мүмкүн. Көк-жөтөлдүн кеп кездешкен татаалдашуулары өпкөнүн сезгениши, көкүрөк челинин сезгениши, жалган кагын болуп саналат. Көк жөтөлдүн оор формасы узакка созулган гипоксияга, баш мээнин жана жүрөктүн ткандарынын кан менен жабдылуусунун бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Кантип сактануу керек?

Көк жөтөлгө каршы эмдөөнүн жүргүзүлүшү:

Толугураак «Вакцинанын түрлөрү» бөлүмүндө.