icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Өлкөнүн эмдөө программасы БДССУнун Европадагы Регионалдык бюросунун 70-сессиясында көрсөтүлдү

👁 715
Опубликовано: 22 сентября 2020

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Республикалык иммунопрофилактика борбору БДССУ менен тыгыз кызматташып, калкты медициналык-санитардык кызматтар менен жалпы камтууга жетишүү жана  саламаттык сактоо системасын бекемдөө үчүн ДССУнун стратегиясын киргизүүдө.

Эмдөө программасы — БДДСУнун Европадагы Регионалдык бюросунун алдыңкы төрт программасынын бири болуп эсептелинет. Флагмандык демилгелер мүчө мамлекеттердин күн тартибинде турган жана көзгө көрүнгөн жогорку деңгээлдеги саясий милдеттенмелер өтө маанилүү болгон орчундуу маселелердин айланасында мобилизациялоо жолу менен өзгөрүүлөрдү тездетүү максатында иштелип чыккан.

https://www.euro.who.int/en/about-us/governance/regional-committee-for-europe/70th-session/multimedia/video-gallery-introducing-4-whoeurope-flagship-initiatives/introducing-the-4-flagship-initiatives-the-european-immunization-agenda-2030

Бул тасма 2020-жылдын 14-15-сентябрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа Регионалдык комитетинин виртуалдык 70-сессиясынын жүрүшүндө көрсөтүлгөн, Кыргызстан калктын саламаттыгы жана эмдөө жаатында жетишкендиктери жана иш-аракеттери менен бир катар өлкөлөрдүн арасынан тандалып алынган.

Эмделбеген же жарым-жартылай эмделген балдарды аныктоо жана аларга эмдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, айрыкча Бишкек шаарынын тегерегиндеги жаңы коңшуларда жашаган шаардык мигранттар үчүн, Кыргызстандагы улуттук эмдөө программасынын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири.

БДССУнун техникалык колдоосу менен «Иммундаштыруу программасын адаптациялоо» пилоттук долбоорунун алкагында ички мигранттарды каттоого колдонулуп жаткан укуктук документтерди карап чыгуу, калктын ушул категорияларына жетүү механизмин табууга мүмкүндүк берди.

Бул кийлигишүү улуттук мыйзамдардын өзгөрүшүнө алып келди, эми ички мигранттардын балдары коомчулукта эмдөө кызматтарына ээ болушат. Демек, аларды эмдөө боюнча улуттук күн тартибине ылайык, ар дайым өз убагында эмдесе болот.

Бардык адамдар эмдɵɵ алууга укуктуу. Иммунизацияда кенемтелерди четтетүү теңчиликти камсыз кылууга жетишүү, Европалык иш программасында каралгандай – ден соолук жана бакубатчылык үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү берүү негизги мааниге ээ.

Бир кезде кеңири жайылган ооруларды, майыптыкты жана өлүмдү алып келген көптөгөн оорулардын алдын алуу менен, эмдөө жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калат!

Маалымат булактары:
Маалымат материалдары, КР ССМ Республикалык иммунопрофилактика борборунун кызматкерлери тарабынан түзүлгөн.