icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

14-ноябрда Кыргыз Республикасында өспүрүм кыздар арасында адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат

👁 734
Опубликовано: 9 ноября 2022

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги артыкчылыктуу багыттар боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарына жаңы вакциналарды киргизүү боюнча иш-чараларды өткөрүүдө. Министрлик бул иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасынын алкагында жана 2020-2024-жылдарга “Иммунопрофилактика” Программасын ишке ашыруу максатында уюштуруп жатат.

Кыргыз Республикасынын Алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарына ылайык 2022-жылдын 14-ноябрында 11 жаштагы кыздар үчүн адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат. Бул календарь КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 23-декабрындагы №1131 буйругу менен бекитилген. Иммунизация маселелери боюнча Илимий-техникалык эксперттер тобу (ИТЭТ) вакцинаны киргизген алгачкы жылы негизги максаттуу топко кошумча 12-14 жаштагы кыздарды да эмдөөнү сунуштайт. Өспүрүм кыздарды план боюнча эмдөө келечекте жыл сайын жатын моюнчасынын рагы менен ооруган 600дөн ашык учурдун, 300гө жакын өлүмдүн алдын алууга мүмкүндүк берет.

Эмдөө мектептердеги медициналык пункттарда акысыз жүргүзүлөт. 2022-2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да АПВ вакцинасы сайылат. Вакцина 6 айлык аралык менен эки жолу берилет (биринчи дозасы ноябрда, ал эми экинчи дозасы май айында сайылат). Бул вакцина ийиндин булчуңуна 0,5 мл дозада гана сайылат.

АПВ вакцинасын өзүнүн эмдөө календарына киргизген Кыргызстан жана башка өлкөлөр аялдарды жатын моюнчасынын рагынан коргоону өтө артыкчылыктуу милдет катары эсептешет. ДСУнун маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгат, алардын ичинен 300 аял бул оорудан көз жумат. Рактын бул түрү өлкөдөгү аялдардын рак оорусунун негизги себептеринин арасында 2-орунда турат жана 15 жаштан 44 жашка чейинки курактагы аялдарда рак оорусунун эң кеңири таралган түрү болуп саналат.

Маалымат катары

Жатын моюнчасынын рагы дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (GLOBOCAN) маалыматы боюнча, жатын моюнчасынын рагы аялдар арасында өсмө (рак) ооруларынын ичинен төртүнчү орунда турат. 2018-жылы дүйнөдө 560 миңден ашуун аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгып, дагы 300 миңден ашык аял бул оорудан көз жумган. Жатын моюнчасынын рак оорусунун негизги себеби – дүйнөдө эң кеңири таралган вирустардын бири болгон адамдын папиллома вирусу (АПВ). Өнөкөт АПВ инфекциясы аялдарда жатын моюнчасынын рагына алып келет.

Жатын моюнчасынын рагынын финансылык түйшүгү:

Иммунизация маселелери боюнча Илимий-техникалык эксперттердин консультативдик тобу (ИТЭТКТ) жатын моюнчасынын рагы экономикага кандай түйшүк болуп жатканын эсептеп чыгуу үчүн киреше деңгээли орточо болгон кошуна өлкөлөрдө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн маалыматтарын колдонду. Өзбекстанда жана Молдова Республикасында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн маалыматтарына ылайык, жатын моюнчасынын рагын дарылоого кеткен чыгым 288 доллардан 1900 долларга чейин жетет. Дарылоонун баасы оору кайсы баскычында аныкталганына жараша болот. Кыргызстанда жатын моюнчасынын рак оорусунун 40 пайызы өтө кеч баскычында аныкталат. Ушуну эске алуу менен, Саламаттык сактоо министрлиги аялдарда жатын моюнчасынын рагын аныктоого, дарылоого жана бейтаптарга кам көрүүгө жыл сайын олуттуу өлчөмдөгү финансы каражаттарын сарптайт: эсептик маалыматтарга ылайык, бул иштерге 500 000 АКШ долларынан ашык акча сарпталат.

АПВга каршы вакциналар:

Ушул тапта үч АПВ-вакцинасы бар, алар жатын моюнчасынын рагын пайда кылган АПВнын онкогендик түрлөрүн жуктуруп алуунун алдын алат. Бардык вакциналар ДСУнун текшерүүсүнөн өткөн:

ВПВ вакциналарына карата ДСУнун сунуштамалары:

ДСУ 9 жаштан 14 жашка чейинки курактагы өспүрүм кыздардын максаттуу тобун вакцинациянын 2 дозалуу схемасын колдонуу менен эмдөөнү сунуштайт. Вакцинаны киргизүүнүн алгачкы жылында ДСУ жамааттык коргоонун натыйжасы көбүрөөк болуп, эмдөөнүн оң таасирине тезирээк жетишүү үчүн көп курактагы топту эмдөөнү сунуштайт. Андан кийинки жылдары өлкө бир курактагы топ арасында эмдөөнү уланта алат.

АПВ вакциналарынын башка өлкөлөрдө киргизилиши

2020-жылга карата АПВ вакциналары дүйнөнүн 112 өлкөсүндө пландуу иммунизациялоо программаларына киргизилген. АПВ вакциналарын киргизген көптөгөн өлкөлөр эмдөө оорунун оордугуна оң таасирин тийгизээрин байкашкан. Австралияда, АКШда, Ирландияда, Финляндияда, Данияда жана башкаларда жүргүзүлгөн изилдөөлөр АПВнын жогорку онкогендик түрлөрүн жуктуруп алгандардын саны олуттуу түрдө азайганын көрсөттү (90 пайызга чейин), себеби АПВнын бул түрлөрү сайылган вакциналардын курамына кирет.

ГАВИнин колдоосу менен киргизилген АПВ вакцинасынын баасы:

Саламаттыкты сактоо министрлиги негизги максаттуу топ (11 жаштагы кыздар) үчүн АПВ вакцинасын сатып алууну кошо каржылайт – вакцинаны киргизгенден кийинки алгачкы жылы ар бир доза үчүн 1,27 доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Кийинки жылдары кошо каржылоонун суммасы 15 пайызга көбөйөт. Көп курактагы когортаны (12-14 жаштагы кыздарды) эмдөө үчүн АПВ вакцинасынын баасын толугу менен ГАВИ төлөйт.