icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

“Баарына узун өмүр” урааны астында Кыргызстанда эмдөө жумалыгы өткөрүлөт

👁 626
Опубликовано: 11 мая 2022

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДССУ) жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен Кыргызстанда 2022-жылдын 11 майдан 18 майга чейин Европалык эмдөө жумалыгын (EЭЖ) өткөрүлөт. ЕЭЖ жугуштуу оорулардан коргоонунун негизги профилактикалык чараларынын бири катары иммунизацияга коомчулуктун көӊүлүн буруу максатында иштелип чыккан. 2022-жылдын Европалык эмдөө жумалыгын (EЭЖ) темасы — “Баарына узун өмүр” жана анын максаты – ар бир адам үчүн узак жана дени сак жашоону камсыз кылуу менен вакциналардын бирдей жана кеӊири жетишээрлигин баса белгилɵɵ.

Эки жүз жылдан ашуун убакыттан бери эмдөө адамзатка дүйнөнү коопсуз кылууга жардам берип келет – биринчи чечекке каршы вакцинадан баштап (1798-жылдан баштап), эң акыркы мРНК вакциналарына чейин, алар COVID-19 оорусунун оор учурларын алдын алуу үчүн колдонулуп келет. Вакциналар ар бирибизди өзүнчө коргойт жана дүйнөлүк коомчулуктун мүчөлөрү катары бардык адамдардын жамааттык ден-соолугун коргоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Иммундаштыруу программасын коомдук саламаттыкты сактоонун артыкчылыктуу программаларынын бири катары аныктайт жана калкка сапаттуу эмдөө кызматтарынын бирдей жана туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрөт. Акыркы бир нече жыл ичинде Кыргызстан БДССУ, ЮНИСЕФ жана ГАВИ техникалык колдоосу менен профилактикалык эмдөөлөрдүн Улуттук календарына бир нече жаңы вакциналар киргизилди: 2009-жылы Пента валенттик вакцина (АКДС-ВГВ-ХИБ), 2016-жылы бириктирилген пневмококк вакцинасы (ПКВ), 2018-жылы инактивацияланган полиомиелит вакцинасы (ИПВ) жана 2019-жылы ротавируска каршы вакцина.

“Коомдук саламаттыкты сактоодо вакциналар иштей тургандыгын жана көптөгөн оорулардан коргоо менен балдардын ден-соолугун чыңдалышын камсыз кылып жатканын билебиз. Ар бир ата-эне өзүнүн баласы ишенимдүү жана коопсуз вакциналар болгон ооруларга каршы эмдөө менен корголоорун билиши керек. Өлкөнүн бардык аймактарында балдарга жана чоң кишилерге пландаштырылган жана толуктоочу иммундаштырууну жүргүзүү үчүн 65 мобилдик бригада ишке тартылганын белгилей кетели, ошондой эле коӊшу Тажикистан Республикасында кызамык оорусунун чыгышына байланыштуу, биз ЕЭЖда кызамыкка каршы эмдɵɵгɵ кɵӊүл бурабыз жана республикага бул ооруну келтирбɵгɵ алдын алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөбүз”,- деди Айнура Акматова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси

«Кылымдар бою жана дүйнө жүзү боюнча ар кандай тектүү адамдар балдарын оорудан сактоонун жолдорун издешкен. Вакциналар бардык ата-энелер ымыркайларына каалаган ишенимдүү коргоону камсыз кылат. Жыл сайын вакциналар 3 миллион адамдын өмүрүн сактап калат. Бирок эмдөөдөн өтпөгөн балдар дагы деле бар, бул аларды тобокелге салат. Биз COVID-19 пандемиясынан айыгууга жана калыбына келтирүүгө инвестиция салып жаткандыктан, бизде ар бир баланы камтыгандай саламаттык сактоо системасын түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк пайда болот», — деди Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин байланыш бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Сема Хоста.

«Вакциналар саламаттык сактоонун экономикалык жактан натыйжалуу инструменттеринин бири болуп саналат: балдарды эмдөөгө сарпталган ар бир сом 3000 сомго чейин киреше алып келет. Иммундаштыруу дифтерия, селейме, кызамык, полиомиелит, кызамык, көк жөтөл, вирустук гепатит В, паротит сыяктуу жугуштуу оорулардын көпчүлүгүнөн коргойт, алардын бардыгы өлүмгө же майыптыкка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан мен ар бир адамды эмдөө маселесине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырам, ошондо биз өзүбүздү жана айланадагыларды биргелешип коргой алабыз»,- деди ДССУнун Кыргызстандагы кеңсесинин иммунизация боюнча техникалык кызматкери, доктор Жанара Бекенова.

***

Жалпы маалымат: жыл сайын БДССУнун Европа аймагында эмдөөнүн Европа жумалыгы (ЕЭЖ) өтүп, иммундаштыруу оорулардын алдын алуу жана адамдардын өмүрүн коргоо үчүн чоң мааниге ээ деген ойду жайылтууга багытталган. ЕЭЖ алгач 2005-жылы өткөн жана ага аймактын бир нече гана өлкөсү катышкан. Демилгенин максаты ар бир бала вакцина менен алдын ала турган оорулардан коргонууга муктаж жана ага укуктуу деген маалыматты жайылтуу аркылуу эмдɵɵ менен камтууну жогорулатуу болгон. ЕЭЖ дароо аймактагы эң көрүнүктүү жана белгилүү коомдук саламаттыкты сактоо компанияларынын бири болуп калышты.