icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Европалык эмдөө жумалыгы — 2020 жыл

👁 773

Опубликовано: 27 апреля 2020
Обновлено: 1 мая 2020

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун регионалдык бюросунун демилгеси аркылуу 2020 жылдын 27 апрелинен тарта 3 майга чейин Кыргыз Республикасын саламаттык сактоо уюмдарында Европалык эмдөө жумалыгы башталды.

2020 жылы бул демилгенин негизги темасы «Алдын алуу, коргоо жана эмдөө». Саламаттык сактоо министирлигинин тарабынан бул демилгени ишке ашыруу үчүн «Кыргыз Республикасындагы Европалык эмдөө жумалыгы жөнүндө» 18.04.2020 жылы №245 буйругу чыгарылды.

Европалык эмдөө жумалыгынын эң негизги максаты эмдөөнүн камтуусун көбөйтүү жана иммунизациянын маанилүүлүгүн ММК аркылуу калк арасына жеткирүү.

Азыркы учурда COVID-19 пандемиясынын шарттарына байланыштуу кызамык оорусуна чалдыккандар менен катнаш болгон адамдарга кызамык жана кызылча эмдөөсү жүргүзүлүп жатат жана ошондой эле төрөт үйлөрүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларга  жасалып жатат, ал эми пландалган профилактикалык эмдөөлөр эпидемиологиялык абал стабилизацияланганга чейин убактылуу токтотулдуу.

Европалык эмдөө жумалыгы учурунда иммунизациянын мобилдүү топтору иш алып барышат. Бул мобилдүү топтордун иш алып баруусуна Вакциналардын жана иммунизациянын Глобалдык Альянсы (ГАВИ) колдоо көрсөтүүдө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тарабынан жеке коргонуу шаймандары жана биринчи жардам көрсөтүү аптечкалары алынып берилди.

Европалык эмдөө жумалыгынын учурунда кызамык/кызылчага каршы эпидемиологиялык туруктуу эмес ошондой эле эмдөө менен аз камтылган аймактарда ыкчам жана пландалган эмдөөлөр жүргүзүлөт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мед айымдардын жана акушерлердин иммунизация аркылуу ден соолукту чыңдоого салым кошуусунун негизги ролун баса белгилеп кетиш үчүн 2020 жылды «Эл аралык мед айымдар жана акушерлер» жылы деп жарыялады.

Кыргыз Республикасында пландалган иммунизация аркылуу эмдөө жолуу менен көзөмөлгө алынган жугуштуу оорулар катталган эмес алардын ичинде сенек, кептөөр, ымыркайлар арасында туберкулез менингити, гепатит В. 1993 жылдан тарта биздин өлкө шал оорусунан бош болуп эсептелинет.

Коомдук саламаттыкты сактоодо балдарыбыздын дени сак болушуна мүмкүндүк берип, вакциналар көптөгөн жугуштуу ооруларга каршы иштешине жана коргоону камсыздоого багытталганын биз билебиз. Мен ата катары, менин балам жана ошондой эле башка балдар сыяктуу, жугуштуу ооруларга каршы ишеничтүү жана коопсуз вакциналар бар оорулардан, эмдөө аркалуу сактанышын каалайбыз.