icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргыз Республикасына 149миң 760 доза коронавирус илдетине COVID-19 каршы Pfizer вакцинасынын дагы бир партиясы келди

👁 619
Опубликовано: 28 января 2022

Кыргыз Республикасына 149миң 760 доза коронавирус илдетине COVID-19 каршы Pfizer вакцинасынын дагы бир партиясы келди.  

Расмий статистикага ылайык, 1 млн 303 миңден ашык адам 1 доза менен эмделди, 1 млн 78 миңден ашык 2 доза менен эмделди.

«Бүгүнкү кундө 3 доза менен 44 миң адам эмдөөдөн өттү. Эскерте кетсек 20 декабрда 2021 жылдан баштап бустердик доза (кошумча доза) менен республиканын бардык аймагында жарандардын иммунитетин көтөрүү үчүн күчөтүүчү доза менен эмдөө башталган» — деп Республикалык иммунопрофилактикалык борборунун директору Гульбара Ишенапысова билдирди.

Белгилей кетсек, вакциналарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЮНИСЕФтин ортосундагы Меморандумдун алкагында ишке ашырылып жатат. Ошондой эле ЮНИСЕФтин колдоосу менен 4 муздаткыч жабдуулар алынып, өлкөгө алынып келинди. Кыргызстанда муздаткыч жабдууларды орнотуу жана верификациялоо үчүн эл аралык эксперттерди тартуу менен ультра төмөн температурада Пфайзер вакцинасын сактоо үчүн европалык өндүрүштөгү атайын жабдуулар иштелип чыккан.

«COVID-19 вакциналары бизди коргоодо эффективдүү экендигинин далилдери көбөйүп жатат. Вирустун улам жаны түрү пайда болсо да, эмдөө ооруканага жатып калбагандан жана өлүмдөн сактайт. Өнөктөштөр менен бирге ЮНИСЕФ Кыргызстандын өкмөтүнө COVID-19 пандемиясына жооп катары вакцинанын жеткирилишин жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу колдоо көрсөтүүнү улантат», деди Кристин Жольм, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү.

Pfizer вакцинасы 2021-жылдын октябрынан тарта Кыргызстанга 450 миңден ашык дозасы дүйнөнүн 172 өлкөсүн камтыган COVAX демилгесинин алкагында келген.

Дүйнөлүк практика эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн эң эффективдүү ыкмаларынын бири экенин көрсөттү. COVID-19га каршы эмдөө ала турчу убактылуу эмдөө пункттарынын даректерин privivka.kg жана med.kg сайттарынан тапса болот.

Бул коркунучтуу ооруга каршы күрөшүүдө өз салымын кошуп эмдөөдөн өтүп жаткан баардык жарандарга ыраазычылык билдиребиз! Ошондой эле республиканын баардык аймагында ар бир жаран өз каалосу менен кошумча дозаны башкача айтканда 4 айдан кийин 3 дозаны алса болорун унутпаныздар!

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз, коопсуздук эрежелерин сактаңыз!

#Вакцина_Иштейт