icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрдүн Улуттук календарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуу жүргүзүлдү

👁 712

Опубликовано: 31 января 2022
Обновлено: 4 февраля 2022

2022-жылдын 26-январында Республикалык эмдөө комитетинин жана иммундаштыруу боюнча илимий-техникалык эксперттик топтун БДСУнун өлкө кеңсесинин жана ЮНИСЕФтин адистеринин катышуусунда биргелешкен онлайн отуруму болуп өттү.

        Жолугушунун жүрүшүндө инактивдештирилген полиомиелит вакцинасынын (ИПВ2) экинчи дозасын жана кызамыкка каршы вакцинанын экинчи дозасын эртерээк пландуу эмдөөдө киргизүү боюнча маселелер каралып, талкууланды.  

       Онлайн жолугушуунун максаты: Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрдүн Улуттук календарына өзгөртүүлөрдү киргизүү.

  1. 9 айлык куракта полиомиелитке каршы инактивдештирилген вакцинанын 2 дозасы.

Кыргыз Республикасынын Улуттук календарына ылайык ИПВнын биринчи дозасы 3,5 айлык балдарга берилет. ИПВнын бир дозасын киргизүү полиовирустун 1, 2 жана 3- түрлөрүнө каршы негизги иммундук коргоону камсыз кылды. Себеби, ОПВ вакцинасын үзгүлтүксүз колдонууда циркуляциялануучу вакцинадан алынган полиовирустун пайда болуу  тобокелдиги жапайы вирустун алып келүү тобокелдигине караганда алда канча жогору болуп эсептелет. Бирок, ИПВ инфекциянын алдын алып, бирок вирустун жугушун токтотпой турганын эске алсак, полиомиелиттин чыгышын токтотуу үчүн зарыл болгон учурда ОПВ колдонула берет. Ошондуктан, ИПВ вакцинасынын үч эселенген дозасын киргизүү антителолордун жогорку титрлерде пайда болушу менен көрсөтүлүшү мүмкүн, ошону менен бул оорудан өмүр бою коргоону камсыз кылат.

2021-жылдын март айында БДСУ Тажикстанда полиомиелит пайда болгондугу тууралуу жарыялады, анда шал полиомиелиттин 6 учуру аныкталган. Аныкталган полиомиелит вирусунун Пакистан менен Ооганстанда жайылган штаммына байланыштуу болгон. Кошумчалай кетсек, Тажикстанда полиовирустун циркуляциясы айлана-чөйрөдө табылган, бул вирустун тез тараганынан кабар берет, анткени ал кир кол, суу, тамак-аш, кийим-кече аркылуу адамдан адамга оңой жугат. БДСУ бул эпидемияны эл аралык маанидеги 2-деңгээлдеги өзгөчө кырдаал катары классификациялады. Бул өзгөчө кырдаал коңшу мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга да жайылтылат. Кыргызстанда балдарды эмдөөдөн баш тартуу тенденциясы көбөйүп баратканын, ошондой эле эндемикалык өлкөлөрдүн географиялык абалын эске алып, биз каалаган убакта даяр болушубуз керек. Эгерде вирус пайда болсо, анын жугушун токтотуу жана алдын алуу үчүн эмдөөнүн жогорку деңгээлдеги камтылышы керек.

2. Кызамыка каршы вакцинанын 2-дозасын 6 жаштан 2 жашка которуу.

Профилактикалык эмдөө календары боюнча КПК вакцинасы балдарга 12 айлык, биринчи дозасы, экинчи дозасы 6 жашында берилет.

Кызамыкка каршы вакцинанын биринчи дозасына иммундук реакциясы пайда болбогон балдарды ревакцинациялоо боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр балдардын болжол менен 95% экинчи дозадан кийин коргоочу иммунитет пайда болоорун көрсөттү.

            Кыргыз Республикасында акыркы 4 жылдагы эпидемиологиялык абал: кызамык менен ооругандардын 80% 5 жашка чейинки балдар. Бул балдар КПК экинчи дозасын алганга чейин ооруп калганын билдирет.

COVID-19 доорунда кызамык жөнүндө унутпаңыз. Оорунун коркунучу беш жашка чейинки балдарда, 20 жаштан ашкан чоңдордо жана иммундук системасы төмөн бейтаптарда жогору.

            Урматтуу ата-энелер! Профилактикалык эмдөөлөр сизди жана балдарыңызды коркунучтуу жугуштуу оорулардан коргоонун бирден-бир жолу.

Биз балдарыбызды жакшыраак коргошубуз керек. Бардык ата-энелер жана тарбиячылар Кыргыз Республикасынын Улуттук эмдөө графигине ылайык бардык балдарын эмдөөдөн өтүшү керек экендигин баса белгилеп кеткибиз келет.