icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Профилактикалык эмдөөлөр сизди жана балдарыңызды коркунучтуу жугуштуу оорулардан коргоонун бирден-бир жолу

👁 629

Опубликовано: 29 марта 2022
Обновлено: 30 марта 2022

28-марттан тарта жарандарга полиомиелитке каршы инактивдүү вакцинаны (ИПВ) алуунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүү кампаниясы башталды. Жума ичинде Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери социалдык кызматкерлер менен биргеликте Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда полиомиелит жана бул ооруга каршы колдонулуп жаткан вакциналар боюнча суроо-жооп, ата-энелер/камкорчулар менен оюндар сыяктуу маалыматтык баарлашууларды өткөрүшөт.

Үстүбүздөгү жылдын башында толуктоочу иммундаштыруунун алкагында 2016-2017-2018-жылдары төрөлгөн 251 188 (93%) бала инактивдештирилген полиомиелит вакцинасы ИПВ) менен эмдөөдөн өткөн. Иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 4-5 жаштагы 19 миңден ашуун бала полиомиелитке каршы инактивдештирилген вакцина менен эмделбей, өмүр бою кесепетин тийгизүүчү полиомиелит сыяктуу олуттуу ооруга чалдыгуу коркунучунда турат.

Бул кампаниянын максаты – эмдөө албай калган балдар тобун 95% эмдөө менен камтуу. “Толуктоочу” иммундаштыруу пландуу эмдөө менен катар жүргүзүлөт. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт жана вакцина бардык ҮМБ/ҮДТ/ФАПтарда жеткиликтүү.

Профилактикалык эмдөөлөр сизди жана балдарыңызды коркунучтуу жугуштуу оорулардан коргоонун бирден-бир жолу.

Маалымат үчүн:
Полиомиелит — коркунучтуу жана өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оору. Бул өмүр бою кесепеттерин тийгизүүчү олуттуу оору болуп эсептелет. Эч кандай дарысы жок жана полиомиелитке каршы вакцина балдарды коргоонун жападан жалгыз коопсуз жана эффективдүү жолу.
1993-жылдан бери Кыргыз Республикасында жаратылышта кездешкен жана вакцинадан алынган полиовирустар катталган эмес. 2002-жылдан бери өлкөбүз “Полиомиелиттен эркин өлкө” сертификатына ээ.
Бирок, жапайы полиомиелит вирусунун (ЖПВ) жугушу уланып жаткан эндемикалык өлкөлөр : Пакистан, Афганистан жана циркулациядагы вакцинадан алынган полиомиелит вирусу  (цВРПВ) катталып жаткан бир катар өлкөлөр бар. Ошондуктан ЖПВ да, цВРПВ да чек аралык каттам аркылуу жайылып кетүү коркунучу бар.