icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Рамазан айында орозо кармаган адамдар COVID-19 илдетине каршы эмдɵɵдɵн ɵтсɵ болобу?

👁 891

Опубликовано: 30 апреля 2021
Обновлено: 4 мая 2021

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан Ыйык Рамазан айында орозо кармаган момун-мусулман адам коронавирус илдетине каршы эмдɵɵдɵн ɵтүү орозосу бузулбаарын билдирди.

«Ыйык Рамазан айында ар бир мусулман адам вакцинациядан ɵтсɵ болот. Саламаттык сактоо маселелери абдан маанилүү. Эгер момун-мусулман эмдɵɵдɵн ɵтɵм деп чечим кабыл алган болсо, ал эч кандай шектенүүлɵрдү ойлобой алса болот» — деп билдирди Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ɵкүлү Бактияр Токтогазы уулу.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору бардык мусулмандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап «Рамазан айы -тазалыктын, жаңылануунун жана кайра жаралуунун, аны менен бирге бул боорукердиктин жана кайрымдуулуктун, мээримдүүлүктүн жана чыдамкайлыктын негизги баалулуктары болуп саналат.

Ыйык Рамазан айы менен бир катар келген коронавирус илдетине каршы вакцинациясы менен эмдɵɵ ɵлкɵбүздɵ массалык түрдɵ ɵтүп жатат. Бардык жарандарды коронавирус COVID-19 илдетине каршы вакцинациясын алууга, жана ушул кампанияга оӊ чечим кабыл алып эмдɵɵдɵн ɵтүүгɵ чакырат элем, жана ошондой эле Covid-19га каршы вакциналарды колдонуу боюнча шариаттын токтому жана Медициналык Фикх Симпозиумунун корутунду билдирүүсү жана сунуштамалары боюнча алдыда кененирээк маалымат беребиз» — деп белгиледи Гульбара Ишенапсова.

Маалымат үчүн:

Covid-19га каршы вакциналарды колдонуу медициналык Фикх Симпозиумунун корутунду билдирүүсү жана сунуштамалары:

Алланын ырайымы менен Ислам кызматташтык уюмунун Фикх эл аралык ислам академиясынын Башкы катчылыгы (Джедда, Сауд Аравиясы Королдугу) 1442-жылдын 10-раджабы,  дүйшөмбү күнү
(2021-жылдын 22-февралында) ОКУ Башкы катчылыгынан жана Ислам өнүктүрүү банкынан эки маселе көтөрүлгөндөн кийин видеоконференция аркылуу Covid-19га каршы вакциналарды колдонуу, зекет каражаттарынын эсебинен аларды сатып алуу жана аларды жеткирүүнү каржылоо боюнча шариаттын токтомдоруна арналган медициналык фикхтин симпозиумун өткөрдү.

Covid-19га каршы колдонулуп жаткан вакциналардын компонеттери

Фармакология жана профилактикалык медицина жаатындагы адистер Covid-19га каршы колдонулуп жаткан вакциналар SARS CoV2 вирусунун матрикалык РНКсынан (рибонуклеиновдук кислота); рекомбинанттык ДНК материалынан; суук тийген ооруларды козгоочу вирустан (аденовирус); башка вирустардан, бактериялардан, quillaja дарагынын жана өсүмдүктөрдүн кошулмаларынан (биореактор катарында) түзүлгөн деп ырасташты; мындан сырткары, алар калий, натрий, магний, фосфат, уксус кислотасы, гидрохлорид трометамин, диацетат, полисорбат, сахароза, липид, холестерин, гистидин, этанол жана суу сыяктуу башка көмөкчү заттарды камтыйт.

Демек, бул вакциналар чочкодон же адамдан алынган кошулмаларды камтыбайт жана чыгаруу учурунда алардын компоненттеринин ортосунда химиялык реакциялар жана өзгөрүүлөр жүрөт, алар метаморфоздорго карата ислам юриспруденциясындагы шариат ченемдерине туура келет.

Колдонулуп жаткан вакциналарды пайдалануу боюнча шариаттын токтому

Жогоруда аталган медициналык баяндоонун негизинде колдонулуп жаткан вакциналарды Covid-19га каршы вакцинациялоо үчүн пайдаланууга шариат мыйзамдарына ылайык жол берилет.

Мындан тышкары, эгерде өкмөт вакцинация жүргүзүүгө милдеттендирген болсо, ал милдеттүү түрдө өткөрүлөт, анткени Өкмөттүн токтомдору коомдун кызыкчылыктарынын негизинде кабыл алынат.

Ушундан улам бул симпозиум ислам укугунун көз карашынан алганда негизги баалуулуктардан болуп саналган шариаттын максатын ишке ашыруу үчүн бүт дүйнө мусулмандарын өз өлкөлөрүндөгү өкмөттөр жана саламаттык сактоо органдарынын компоненттери тарабынан чыгарылган нускамаларды сактоого чакырат.

2021-жылдын 7-мартына туура келген 1442-жылдын 22-раджабында, жекшемби күнү Джидда ш.  Фикх эл аралык Ислам академиясынын Башкы катчылыгы тарабынан жарыяланган билдирүүлөр жана сунуштамалар