icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Вакцинага байланыштуу техникалар ар дайым көзөмөлдө жана аяр мамиле менен колдонууда.

👁 87
Опубликовано: 25 октября 2024

Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери облустук жана райондук көзөмөлдүк сапарларында бир гана медицина кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, көйгөйлөрүн аныктоо, талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу менен гана чектелбестен вакцинага байланыштуу техникалардын иштешин жана кандай турдо колдонуулуп жаткандыгына чоң маани жана басым жасап келишет.

Республикалык денгээлдеги иш чаралара Ош шаардык санитардык -эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда да уланууда. Ош шаардык сан-эпид көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Жумали Абышев, Ош облусу боюнча вакцина ташып келүүчү авторефрижираторлорунун иштөө абалын, даярдыгын жана вакциналарды сактоочу негизги кампадагы шарттарын көрүп чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, атайын вакцина ташып келүүчү авторефрижираторлор Ош-Бишкек-Ош маршруттары боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун калкы үчүн бөлүнүүчү вакциналарды жана башка бак.препараттарды, таратылуучу материалдарды алып келүүгө даяр экендиги белгиленип, автоунаалардын кышкы сезонго дөнгөлөктөрү жаңыланып, машиналар капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

Эскертип кетсек, вакцина жана иммунизация боюнча Глобалдык Альянс эл аралык өнөктөш тарабынан берилген жана эки жылдан бери иштен чыгып калган жаңы авторефрижиратор үчүн Турциядан керектүү тетиктер сатылып алынып, оңдолуп, бүгүнкү күндө бардыгы толук даярдыкта турат.

Ошондой эле башкы дарыгер тарабынан авторефрижиратор айдоочулары жана чарба башчысына, механикке машиналарды аяр мамиле менен колдонуу жана такай көзөмөлдө болуусун белгилеп, кошумча милдеттемелер берилди.

Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун кампасынан бекитилген бөлүштүрүүнүн негизинде Ош шаары жана Ош облусунун аймагындагы жаш балдар жана алар менен карым катнаштагы жарандар арасында кызамык жана кызылчага каршы тазалоочу иммунизация жүргүзүү үчүн 100 миң доза вакцина, шприцтери менен алынып келинип, негизги кампага киргизилип, сакталууда.

Учурда негизги кампада үч муздаткыч бөлмөлөр иштеп, алардын ичиндеги +2 — +8°С температуралык шарт, атайын кампа башчысы Сатар Халматов тарабынан күнүнө 2 маал текшерилип, атайын түзүлгөн форматтагы температуралык баракчаларына жазылып турулууда. Ошондой эле, Ош шаарындагы негизги кампанын үзгүлтүксүз иштешине электроэнергия менен камсыз кылуу үчүн орнотулган 2 генератордун да абалы туруктуу экендиги белгиленди.