icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

ЮНИСЕФ Кыргызстандын медицина кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттарын өткөрүп берди

👁 597

Опубликовано: 4 апреля 2022
Обновлено: 5 апреля 2022

ЮНИСЕФ COVID-19га каршы күрөштө колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Республикалык иммунопрофилактика борборуна 22 миллион сомдон ашык суммага жеке коргонуу каражаттарын өткөрүп берди.
Жеке коргонуу каражаттары (ЖКК) министрликтин өтүнмөсү боюнча ЮНИСЕФтин Копенгагендеги жабдуу бөлүмү аркылуу сатып алынды. Копенгагенде дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык жардам кампасы жайгашкан. Берилген жеке коргонуу каражаттарынын партиясы COVID-19га каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине арналган. Берилген каражаттардын ичинде 7 000 коргоочу костюм, 375 000 хирургиялык беткап, 75 000 респиратордук беткап, 4 000 коргоочу визор, 7 000 халат, 225 000 медициналык колкап жана 4 000 коргоочу көз айнек бар.
“COVID-19 пандемиясынан улам, дүйнөдөгү бардык өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстан да ден-соолукка байланыштуу массалык кризиске туш болду. Бүгүн биз дарыгерлерибизге коронавирустук пандемияга каршы туруу үчүн зарыл болгон жеке коргонуу каражаттарын. Мен ЮНИСЕФке COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө жана республиканын калкынын ден соолугун чыңдоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем”, — деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова
“COVID-19 пандемиясы бүтө элек жана жаңы толкундар болушу мүмкүн. Ошондуктан COVID-19га каршы туруу үчүн ЮНИСЕФ глобалдык деңгээлде өтө зарыл буюмдар менен камсыз кылуу үчун талыкпай иштөөну улантууда. Бул иштин алкагында ЮНИСЕФ жеке коргонуу каражаттары, вакциналар, ийнелер, иммунизация үчүн жабдуулар жана дары-дармектер менен камсыз кылууда. Кыргызстандын Өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта ар бир адамды коргоо максатында биз бул жеке коргонуу каражаттарын ооруканаларга берип жатабыз”, — деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм.
ЮНИСЕФ мындан ары да COVID-19 коронавирустук илдети менен күрөштө КР Өкмөтүнө колдоосун уланта берет. ЮНИСЕФ пандемия менен күрөштүн алдыңкы катарында иштеп жаткандарга өтө зарыл жабдууларды берип келатат. ЮНИСЕФ мындан ары да ар бир бала жарык дүйнөгө аман-эсен келип, жашап кетүүсү үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларга колдоо көрсөтө бермекчи.

Park
Park
Park