icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Вакцинанын түрлөрү

👁 12197

Опубликовано: 28 июня 2019
Обновлено: 17 октября 2021

ВГВ вакцина

ВГВ вакцина – гепатит В вирусуна каршы вакцина, бул алюминий гидрооксидге адсорбирацияланган гепатит В вирусунун үстүртөдөн алынган белоктун (HBsAg) мыкты тазаланган инфекциялык эмес полипептиди. Препарат гендик-инженердик вакцина болуп саналат. Анда HBsAg продуцирлөөсү ачыткы клеткаларында жүрөт. Бул жаңы төрөлгөн ымыркай 24 сааттын ичинде алган алгачкы вакциналардын бири.

Вакцинация эмне үчүн жүргүзүлөт: гепатит В вирусуна каршы активдүү иммундаштыруу.

Колдонуу ыкмасы жана өлчөмү: вакцина булчуңдун ичине, жамбаш сөөктүн алдыңкы-капталына киргизилет. Жаны төрөлгөн ымыркайларга жана 1 жашка чейинки наристелерге 0,5 мл өлчөмүндө.

Каршы көрсөтмөлөр: ачыткыга аллергия.

Вакцинаны киргизүүгө реакция:
Көбүн эсе жергиликтүү реакциялар белгиленет: кызаруу, ооруксунуу, шишип калуу, катып калуу. Вакцинациядан кийин 2-3 күндүн ичинде өтүп кетет.
Жалпы реакциялар: тынчы кетүү, шалдыроо, баш оору, жүрөк айлануу, кусуу, баш айлануу, миалгия, артрит.
Сейрек кездешүүчү реакциялар: дене табынын көтөрүлүшү (38,8°Сдан жогору).

Курамы:

0,5 вакцинада камтылат:

Жардам берүүчү заттар: бир негиздүү калий фосфаты, эки негиздүү натрий фосфаты, хлорлуу натрий.

Чыгаруу формасы: 1 дозалуу флакон.

БЦЖ вакцина

БЦЖ (Кельметт-Герендин Бацилласы) – жандуу алсыздандырылган бактериялык вакцина, лиофилизирленген (кургатылган) эритме менен комплектиде.

Вакцинация эмне үчүн жүргүзүлөт: кургак учуктун профилактикасы

Колдонуу ыкмасы жана өлчөмү: жаңы төрөлгөндөр үчүн эмдөө өлчөмү – 0, 05 мл, сол ийинине так теринин алдына киргизилет.

Каршы көрсөтмөлөрү:

Вакцинаны киргизүүгө реакция: БЦЖ үчүн спецификалуу жергиликтүү реакция мүнөздүү. Эмдөө жасалган жерде жара пайда болот, ал карттанып кийин айыгат. Айыккандан кийин карты түшөт. Бул эмдөөнү алганын көрсөтүп турган, 3-10мм өлчөмүндөгү тырык калат.

Сейрек кездешүүчү терс реакциялар:

Вакцинага реакция жылдырылгандарга кирет, анткени инъекция жасалгандан 4-6 жумадан кийин калыптанат.

Курамы:
Негизги компоненти: 70% жандуу алсыздандырылган микробдор – 0,5 мг
Жардам берүүчү зат: глютамат натрий
Эритмеси: натрийдин изотоникалык эритмеси

Чыгаруу формасы: 20 дозалуу флакон.

АКДС-ВГВ-ХИБ (суюк аралашкан пентавакцина)

Пентавакцина– бул 5 антигенден турган, биргелешкен көп компоненттүү вакцина. Вакцинанын активдүү бөлүгү тазаланган дифтерия жана тырышма токсиндерин, көк жөтөлдүн таякчаларынын инактивдүү бөлүктөрүн, мыкты тазаланган инфекциялык эмес HBsAg бөлүктөрүн, b тибиндеги гемофилдик таякчанын компоненттерин өзүнө камтыйт.

Эмне үчүн вакцинация жасалат:  дифтерия, көк жөтөл, тырышма, гепатит В вирусу жана b тибиндеги гемофилдик инфекцияга каршы активдүү иммундаштыруу.

Колдонуу ыкмасы жана өлчөмү: вакцина булчуңдун ичине, жамбаш сөөктүн алдыңкы капталына, 0,5 өлчөмүндө гана киргизүүгө ылайыкталган. 

Каршы көрсөтмөлөрү: вакцинанын компоненттеринин бирине жогору сезимталдуулук же буга чейинки биргелешкен вакцинанын өлчөмүнө же компоненттеринин бирине олуттуу реакция.

Вакцинаны киргизүүгө реакция:
Жергиликтүү реакциялар: кызаруу, катуу ооруксунуу.
Жалпы реакциялар: тынчы кетүү, ыйлаак болуу, вакцинация жасалгандан кийин 48 сааттын ичинде дене табынын бир аз көтөрүлүшү. Көпчүлүк учурда 2-3 күндүн ичинде медициналык кийлигишүүсүз өзү өтүп кетет. Бардык жергиликтүү жана жалпы реакциялар из калтырбай жок болот.

Сейрек кездешүүчү терс реакциялар:

Курамы:

Активдүү заттар:

Жардам берүүчү зат: фосфат алюминий, натрий хлорид, инъекция үчүн суу.

Чыгаруу формасы: 1 дозалык флакон

ОПВ вакцина

ОПВ оралдык полиомиелиттик вакцина, бул 1 жана 3 Сабин штаммдарынын жандуу алсыздандырылган полиомиелит вирустарын камтыган препарат.

Эмне үчүн вакцина жасалат: 1 жана 3 тибиндеги полиомиелит вирусуна каршы активдүү иммундаштыруу.

Колдонуу ыкмасы жана өлчөмү: вакцина ооз аркылуу берилет, 2 тамчы өлчөмүндө.

Каршы көрсөтмөлөр:

Кеңейтилген Иммундаштыруу программасынын сунуштамаларына ылайык, адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу менен симптоматикалык жана асимптоматикалык инфекциясы ОПВ иммундаштыруу үчүн каршы көрсөтмө болуп саналбайт. 

Вакцинага реакциялар:
Олуттуу эмес жалпы реакциялар: тынчы кетүү, алсыз болуу, тамакка болгон табиттин төмөндөшү.

Сейрек кездешүүчү реакциялар:

Курамы:

Активдүү заттар:

Жардам берүүчү заттар:

Чыгаруу формасы: 10 жана 20 дозалык флакондор.

ИПВ вакцина

ИПВ вакцина – инактивдүү полиомиелиттик вакцина, 1,2 жана 3 тибиндеги Сабин штаммынын полиомиелиттин инактивдүү вирустарынан турган стабилдештирилген препарат. Биринчи жана экинчи ирет иммундук жетишсиздиктен жабыркаган бейтаптарга мыктыланган инактивдүү полиомиелиттик вакцинаны колдонуу сунушталат (ИПВ).

Эмне үчүн вакцинация жүргүзүлөт: 1,2 жана 3 тибиндеги полиомиелит вирусуна каршы активдүү иммундаштыруу.

Колдонуу ыкмасы жана өлчөмү: вакцина 1 жашка чейинки балдарга 0,5 мл өлчөмүндө, булчуңдун ичине, сол жамбаш сөөктүн алдыңкы капталына киргизилет.

Каршы көрсөтмөлөр: неомицин, полимиксин жана вакцинанын башка компонеттерине болгон жогору сезимталдуулук.

Вакцинага реакциялар: тынчы кетүү, алсыздануу, тамакка табиттин төмөндөшү.
Сейрек кездешүүчү реакциялар: вакцинанын компоненттерине аллергиялык реакция.

Курамы:

Чыгаруу формасы: 1 дозалык флакондордо.

ПКВ вакцина

ПКВ вакцина – пневмококктук полисахариддик конъюгирленген адсорбиленген 13 валенттүү вакцина. ПКВнин курамына 90% серотиптер кирет. Алар антибиотиктерге туруктуулук көрсөткөн инвазивдүү пневмококк инфекцияларынын (ИПИ) өнүгүү себеби болуп саналат.

Эмне  үчүн вакцинация жүргүзүлөт: пневмококк инфекциясына каршы иммундаштыруу.

Колдонуу ыкмасы жана өлчөмү: вакцина 1 жашка чейинки балдарга булчуңдун ичине, сол жамбаш сөөктүн алдыңкы капталына киргизилет. 12 айлык баланын ийинине 0,5 мл өлчөмүндө киргизилет. 

Каршы көрсөтмөлөр:

Вакцинаны киргизүүгө реакция:

Курамы:

Активдүү заттар:

Жардам берүүчү заттар:

Чыгаруу формасы: 1-дозалык флакондо. 

КПК вакцина

КПК вакцина кызылча, паротит жана кызамыкка каршы вакцина. Анда кызылча, паротит жана кызамыктын жандуу алсыздандырылган вирустары бар.

Вакцинация эмне үчүн жүргүзүлөт: кызылча, эпидаротит жана кызамыкка каршы активдүү иммундаштыруу.

Колдонуу ыкмасы жана өлчөмү: вакцинаны 0,5 мл өлчөмүндө ийиндеги тери алдына киргизүү зарыл.

Каршы көрсөтмөлөр:

Вакцинаны киргизүүгө реакция:

КПК-вакцинанын кызыл компонентине реакциялар:

Өспүрүм кыздардын жана чоң аялдардын артралгиясы жана артрити, алар бир нече күндөн 2 жумага чейин созулат. Аталган реакциялар өзү менен өзү дарылоосуз жок болот.

Курамы:

Активдүу заттар:

Жардам берүүчү заттар:

Чыгарылган формасы: 5,10-дозалык флакон.

АКДС вакцина

АКДС – адсорбирленген көк жөтөл-дифтерия-тырышма вакцинасы. Дифтерия жана тырышманын тазаланган токсиндерин жана көк жөтөлдүн инактивдүү бөлүкчөлөрүн камтыган бир калыптагы суюктук.

АКДС вакцина кургак учук, полиомиелит, кызылча, кызамык, эпидпаротит жана профилактикалык эмдөө календарындагы башка вакциналар менен бир учурда коопсуз жана эффективдүү киргизиле берет.

Эмне үчүн вакцинация жүргузүлөт: дифтерия, көк жөтөл жана тырышмага каршы активдүү иммундаштыруу

Колдонуу ыкмасы жана өлчөмү: вакцина булчуңдун ичине, 18 айга чейинки балдарга жамбаш сөөктүн капталына же 18 айдан улуу балдарга ийинине 0,5 мл өлчөмдө киргизилет.

Каршы көрсөтмөлөр:

Вакцинаны киргизүүгө реакция:

Кадимки жергиликтүү реакциялар: кызаруу, катып калуу, ооруксунуу.

Жалпы реакциялар: эч нерсени жактырбоо, ыйлаак болуу, дене табынын бир аз көтөрүлүшү. 38°С жогору температура вакцина жасалгандан кийин 48 сааттын ичинде пайда болуп, көпчүлүк учурда эки-үч күндүн ичинде өз алдынча, медициналык кийлигишүүсүз жоголот.

Бардык жергиликтүү жана жалпы реакциялар эч кандай залал келтирбей жок болот.

Сейрек кездешүүчү терс реакциялар:

Курамы:

Активдүү заттар:

Жардам берүүчү заттар:

Чыгаруу формасы: 10 дозалуу флакон.

АДС вакцина

АДС – адсорбирленген дифтерия-тырышма анатоксини. Тазартылган дифтерия жана тырышма токсиндерин камтыган бир калыптагы суюктук.

Вакцинация эмне үчүн жасалат: тырышма жана дифтерияга каршы активдүү иммундаштыруу.

АДС-анатоксин колдонулат:

Каршы көрсөтмөлөр:

Колдонуу ыкмасы жана өлчөмү: вакцина 0,5 мл өлчөмдө, ийиндин булчуңунун ичине киргизилет.

Вакцинаны киргизүүгө реакция:

Кадимки жергиликтүү реакция: вакцинаны сайган жеринде кызаруу жана оруксунуу.
Жалпы реакция: алы кетүү, шалдыроо.
Бардык жергиликтүү жана жалпы реакциялар залалсыз жоголот жана медициналык кийлигишүүнү талап кылбайт.

Сейрек кездешүүчү терс реакциялар: аллергиялык реакциялар (ангионевротикалык шишик, полиморфтук быдырлар, бөрү жатыш жана анафилактикалык шок) катталуу жыштыгы миллион эмдөөгө 1 учур.

Курамы:

Активдүу заттар:

Жардам берүүчү заттар:

Чыгаруу формасы: 10 дозалуу флакон.

АДС-М вакцина

АДС-М – антигендерди төмөн камтыган адсорбирленген дифтерия-тырышма анатоксини. Вакцина бир калыптагы суюктук, тазартылган дифтерия жана тырышма токсиндерин камтыйт. Анатоксиндер алюминий гидроокиске адсорбирленген. Профилактикалык эмдөө календарындагы башка вакциналар менен кошо коопсуз жана эффективдүү киргизе берсе болот.

Вакцинация эмне үчүн жасалат: тырышма жана дифтерияга каршы активдүү иммундаштыруу.

Каршы көрсөтмөлөр:

Колдонуу ыкмасы жана өлчөмү:

Колдонуу ыкмасы жана өлчөмү: вакцина 0,5 мл өлчөмдө, ийин булчуңунун ичине киргизилет.

Вакцинаны киргизүүгө реакция:
Кадимки жергиликтүү реакция: вакцинаны сайган жеринде кызаруу жана оруксунуу.
Жалпы реакция: алы кетүү, шалдыроо.
Бардык жергиликтүү жана жалпы реакциялар залалсыз жоголот жана медициналык кийлигишүүнү талап кылбайт.

Сейрек кездешүүчү терс реакциялар: аллергиялык реакциялар (ангионевротикалык шишик, полиморфтук быдырлар, бөрү жатыш жана анафилактикалык шок) катталуу жыштыгы миллион эмдөөгө 1 учур.

Курамы:
Бир 0,5 мл-дык доза камтыйт

Активдүу заттар:

Жардам берүучү заттар: гидроокись алюминия

Чыгаруу формасы: 10 дозалуу флакон.