В гепатити — (парентералдык же сары суу) — айрыкча боорду жабыр- катуу менен өтүүчү инфекциялык вирустук оору. Жуктуруп алуунун булагы оорулуулар жана ооруну алып жүрүүчүлөр болуп саналат. Гепатиттин вирусу организмдеги кан жана суюктуктар аркылуу кан куюу, хирургиялык кийлигишүүлөр жана косметологиялык манипу- ляцияларда (татуаж, маникюр, педикюр) стерилденбеген аспаптар, жыныстыкжол аркылуу жугат. Кел адамдар өзүнүн оорусу тууралуу билишпейт жана айланадагыларга жуктурушу мүмкүн. Өнөкөт фор- малары узакка созулат жана оор абалдарга — боордун циррозу жана рагына өтүшү мүмкүн. Көпчүлүк учурда төрөт мезгилинде энеден балага жугат.
Кантип коргонсо болот?
В вирустук гепатитине каршы эмдөө 1 жашка чейинки балдарга жүргүзүлөт:
төрөт үйүндө 24 сааттын ичинде
2 айында АКДС-ВГВ-ХИБ пентавакцинасынын курамында
3,5 айында АКДС-ВГВ-ХИБ пентавакцинасынын курамында