Новости KG

Республикалык иммунопрофилактика борбору эмдөө маселелери боюнча түшүндүрмө берет

Социалдык тармактарда вакциналардын курамы жана коопсуздугу, эмдөөнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби, медициналык кызматкерлердин иши, ошондой эле балдарды мектепке жана бала бакчаларга кабыл алуу маселелери боюнча ар кандай маалыматтар жана видеоматериалдар тарап жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.

Кыргыз Республикасында профилактикалык эмдөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарына ылайык жүргүзүлөт. Колдонулуп жаткан вакциналар белгиленген каттоо жана сапатын контролдоо жол-жоболорунан өтөт. Аларды сактоо, ташуу жана колдонуу коопсуздук талаптарына жана «муздак чынжыр» эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.

Эмдөө жүргүзүүнүн алдында медициналык кызматкер баланын ден соолугунун абалын баалап, мүмкүн болгон каршы көрсөтмөлөрдү жана эмдөөнү убактылуу кийинкиге жылдырууга негиз боло турган медициналык көрсөткүчтөрдү эске алат.

Профилактикалык эмдөөлөрү жок балдарды билим берүү уюмдарына кабыл алуу жана киргизүү маселесине байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» мыйзамынын 84-беренесинде массалык инфекциялык оорулар пайда болгон же эпидемия коркунучу жаралган учурда балдарды кабыл алууга же киргизүүгө убактылуу чектөө коюу мүмкүнчүлүгү каралган. Бул мектепке же бала бакчага барууга туруктуу тыюу салууну билдирбейт.

Республикалык иммунопрофилактика борбору ата-энелер вакциналардын курамы жана коопсуздугу, эмдөөдөн кийинки мүмкүн болгон реакциялар, каршы көрсөтмөлөр, медициналык четтетүүлөр, эмдөөдөн баш тартуу жана №063 формасын алуу боюнча түшүнүктүү жана ишенимдүү маалымат ала алышы маанилүү деп эсептейт.

Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан вакциналар жана аларга тиешелүү нускамалар тууралуу маалымат Республикалык иммунопрофилактика борборунун сайтында жеткиликтүү:www.privivka.kg

Суроолор жаралган учурда ата-энелер үй-бүлөлүк дарыгерге, иммунологго же Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистерине кайрылып, тиешелүү түшүндүрмө ала алышат.

Республикалык иммунопрофилактика борбору ата-энелерди эмдөө боюнча чечим кабыл алууда социалдык тармактардагы айрым гана маалыматтарга же видеоматериалдарга таянбоого чакырат. Баланын ден соолугуна байланыштуу маселелерди медициналык кызматкер менен талкуулап, маалыматты ишенимдүү жана расмий булактардан алуу маанилүү. Ата-энелер эмдөө, анын пайдасы, мүмкүн болгон реакциялары жана каршы көрсөтмөлөрү тууралуу суроолорду берип, түшүнүктүү түшүндүрмө алууга укуктуу.

Жугуштуу оорулардын сезондук өсүшү байкалган мезгилде Республикалык иммунопрофилактика борбору жарандарды ден соолукка байланыштуу маалыматтарды таратууда жоопкерчиликтүү болууга чакырат. Адамдарды адаштырууга же негизсиз кооптонууларды жаратууга алып келиши мүмкүн болгон текшерилбеген маалыматтарды, божомолдорду жана билдирүүлөрдү таратуудан алыс болуу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору диалогго ачык жана эмдөө маселелерине байланыштуу суроолорду медициналык маалыматтардын, колдонуудагы мыйзамдардын жана расмий маалыматтардын негизинде талкуулоого даяр.

КР ССМ Республикалык иммунопрофилактика борборунун ишеним телефону:

+996 (312) 32-30-11
+996 (703) 232-564
+996 (705) 112-322
+996 (771) 446-670