О нас KG

Биз жөнүндө

Сүрөт © UNICEF/Giacomo Pirozzi
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмд өө борбору (мындан ары — РЭБ) мамлекеттик коомдук саламаттык сактоо уюму болуп саналат, вакцина аркылуу башкарылуучу жугушту ооруларды алдын алуусун жүзөгө ашырат жана калкты эмдөө кызматтарын көрсөтөт.

РЭБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп тартипке ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жана Саламаттык сактоо министрлигинин токтомдоруна, буйруктарына ылайык иш алып барат.

РЭБнун юридикалык дареги: 720033, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 535.

РЭБнун максаты жугуштуу ооруларга чалдыгууну жана андан өлүмгө учуроону кепилденген сапаттуу вакциналар аркылуу эмдөө жолу менен төмөндөтүү жана эмдөөнү туруктуу 95% кем эмес камтылышы.
РЭБнун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • «Иммунопрофилактика» программасын жүзөгө ашыруу боюнча иштерди уюштуруу;
  • Республиканы жогорку сапаттагы вакцина, унаам-иштен ийнелерди, коопсуз кутучалар, иммундаштыруу муктаждыктары үчүн муздак жабдуулар менен камсыз кылуу;
  • вакцина аркылуу жөнгө салуучу жугуштуу ооруларды эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү (кептөөр, селейме, көк жөтөл, паротит, шал оорусу, кызамык, кызылча, гепатит Б, гемофильдик инфекциясы);
  • 5 жашка чейинки балдардын ден соолугуна багытталган өлкөдө иштеп жаткан башка программалар менен иммундаштыруу тармагындагы иш-аракеттерди жөнгө салуу;
  • Эмдөө календарынын изилдөө боюнча, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга жана практикалык тажрыйбага карата жакшыртуу;
  • колдонмолорду иштеп чыгуу жана коопсуз эмдөө иштерине, мууздактыкты сакто тутумуна көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле республиканын саламаттык сактоо мекемелерине иш жүзүндө көмөк көрсөтүү;
  • иммундаштыруу боюнча бирдиктүү маалыматтык базасын түзүү жана өнүккөн компьютердик программаларды киргизүү;
  • иммундаштыруу жаатында эл аралык кызматташууну күчөтүү;
  • Вакцина, ийнелерди сатып алууда каржылык тобокелчиликтен эмдөө программасын сактоо аракетинде кепилдүү каржылоого жетиш үчүн шайкештүү иш алып баруу;
  • иммундаштыруунунун 95% камтуусун сактап калуу үчүн калкты эмдөө кызматтарына жеткиликтүү камсыз кылуу;
  • жаңы эмдөөлөрдүн киргизүү;
  • улуттук эмдөө стандарттарын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
  • Республикадагы муздак чынжырын өнүктүрүү жана мониторинг жүргүзүү;
  • эмдөөнүн камтуусуна мониторинг жүргүзү;
  • максаттуу программаларды ишке ашыруу «Вирустук гептаиттер», «Кызылча жана кызамык ооруларын элиминациялоо»,» Шал оорусун жок кылуу»;
  • иммундаштыруу боюнча саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин Дипломго чейинки жана дипломдон кийинки билимин өркүндөтүү;
РЭБнун түзүмү

РЭБу төмөнкүдөй түзүлүшкө ээ:

  • уюштуруу-усулдук бөлүмү;
  • Маалымат жана мониторинг жүргүзүү бөлүмү;
  • башкаруучулук жана экономикалык бөлүмү;