Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык 2025-жылдын январь–сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө кызамык менен ооругандардын санынын азайышы боюнча туруктуу тенденция байкалууда. Жылдын башындагы татаал эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, көрүлгөн чаралардын жана активдүү эмдөө кампаниясынын аркасында өлкөдө өзгөчө акыркы айларда эпидемиологиялык абалдын жакшырышына жетишилди.
2025-жылдын 9 айынын ичинде Кыргызстанда кызамыктын 8 949 лабораториялык жактан тастыкталган учурлары катталган. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул эле мезгилиндеги 13 380 учурга салыштырмалуу кыйла төмөн. Оорулуулардын азайышы 2025-жылдын сентябрь айында байкалган — өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу учурлардын саны 2–3 эсе аз болгон. Октябрь айында жаңы учурлардын катталбаганы жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуулугун жана оң динамиканы тастыктайт.
Ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү — 94 % (8 390 адам) — кызамыкка каршы эмдөө алган эмес. Эмдөө болбогонунун негизги себептери — эмдөөдөн баш тартуу (43 % же 3 871 учур) жана жаш курагына жараша эмделбегендер (31 % же 2 746 учур), негизинен бир жашка чейинки балдар. Ошондой эле бардык катталган учурлардын 75 %ы тогуз жашка чейинки балдар арасында катталган. Эң жогорку ооруу көрсөткүчү — 100 000 калкка 1 901,9 учур — бир жашка чейинки балдар арасында байкалган. Бул ымыркай балдарды өз убагында эмдөө аркылуу коргоонун маанилүүлүгүн көрсөтөт.
Кызамыктын чыгышына жооп катары өлкө боюнча эмделбей калган балдарды камтыган тазалоочу (подчищающая) эмдөө иш-чаралары улантылууда. 2025-жылдын май айында 2023–2025-жылдары 9 айдан 7 жашка чейинки балдарды камтыган кызамык жана кызылчага каршы эмдөө кампаниясынын камтуусуна баа берүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында республика боюнча эмдөө камтуусу орточо 94,5 %ды түздү. Тазалоочу эмдөөнүн алкагында 2 805 бала кызамык жана кызылчага каршы эмделди. Эмделбей жана толук эмделбей калган балдарды аныктоо жана эмдөө иштери улантылып жатат.
Республикалык иммунопрофилактика борбору ата-энелерге балдарынын пландуу эмдөөсүн өткөрүп жибербөөнү, жана эмдетүү үчүн жакынкы медициналык мекемеге кайрылууга чакырат. Эмдөө — кызамыкка каршы жана оорунун кайрадан чыгышын алдын алуудагы эң ишенимдүү жана эффективдүү ыкма бойдон калууда.
Маалымат Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө» отчетунун негизинде даярдалды.