Иммунизацияны бүгүн бекемдөө менен Кыргызстан келечек муундардын ден соолугун коргойт
2026-04-21 17:39
Кыргыз Республикасында 2026-жылдын 20–26-апрели аралыгында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) демилгеси менен уюштурулган Европалык эмдөө жумалыгы өтүүдө. Бул жылы өлкө аталган демилгенин 20 жылдыгын белгилеп жаткан ДССУнун Европалык регионундагы мамлекеттерге кошулат. «Вакциналар ар бир жаш курак үчүн иштейт» деген ураан астында өтүп жаткан бул өнөктүк коомчулуктун бардык курактагы адамдардын ден соолугу үчүн эмдөөнүн мааниси жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Эмдөөнүн артыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурулууда: кош бойлуулуктун алгачкы жумаларынан тартып карылыкка чейин вакциналар көптөгөн олуттуу оорулардан маанилүү коргоону камсыз кылып, коомдук саламаттыкты жана бакубаттуулукту чыңдайт.
2026-жылдагы Европалык эмдөө жумалыгынын алкагында өлкө боюнча маалыматтык-агартуу иш-чаралары, акциялар, саламаттык сактоо уюмдарында ачык эшик күндөрү, ошондой эле медициналык адистер менен жолугушуулар өткөрүлүп, иммунизация кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталууда.
Кыргыз Республикасында кызамыкка каршы вакцинанын экинчи дозасы менен камтуу көрсөткүчү 2024-жылдагы 69%дан 94%га чейин олуттуу жогорулап, өлкөнү эпидемиялардын алдын алуу үчүн зарыл болгон деңгээлге жакындады. Биринчи доза менен камтуу да жогорку деңгээлде сакталууда — 92%, бул пландуу иммунизация балдардын басымдуу бөлүгүн камтып жатканын көрсөтөт.
Ошол эле учурда, системанын калыбына келиши уланууда. Кептөөр, сенек жана көк жөтөлгө каршы вакцинанын үчүнчү дозасы менен камтуу 82%ды түздү, бул ар бир баланын толук эмдөө графигин аткарышын камсыз кылуу зарылдыгын баса белгилейт.
Эмдөөдөгү кемчиликтерди жоюу боюнча аракеттер да натыйжа берип жатат. 2025-жылы жалпы улуттук учурунда албай калган балдарды эмдөө кампаниясынын алкагында 117 000ден ашуун бала камтылып, мурда эмдөөдөн калтырылган балдарды кайрадан эмдөө системасына тартууга мүмкүн болду.
Кыргыз Республикасында жатын моюнчасынын рагын алдын алуу багытында да лидерлигин көрсөтүүдө. 11 жаштагы өспүрүм кыздар арасында адамдын папиллома вирусуна (ВПЧ) каршы вакцинация менен камтуу 91%га жетти, ал эми вакцина улуттук эмдөө календарына киргизилгенден бери жалпысынан 258 985 өспүрүм кыздар эмделди. Бул жетишкендик ВИГА, ДССУ, ЮНИСЕФ жана башка өнөктөштөр менен натыйжалуу кызматташуунун аркасында мүмкүн болду.
Жетишкен ийгиликтерге карабастан, кыйынчылыктар дагы сакталып калууда. 15 817ден ашуун бала бир да вакцина албаган, ал эми вакцинациядан баш тартуулардын саны 15 708ден ашкан. Бул көйгөйлөрдү чечүү калктын ишенимин бекемдөөгө, коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана иммунизация кызматтарына тең жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган кошумча аракеттерди талап кылат.
«Эмдөө аркылуу алдын алууга мүмкүн болгон инфекциялардан ар бир адамды коргоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калууда. Биз пландуу иммунизация системасын ырааттуу түрдө чыңдап, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатып жана вакциналарга болгон ишенимди калыптандыруу үчүн калк менен иштөөнү күчөтүп келебиз. Биздин максат — ар бир адам, жашына карабастан, ишенимдүү түрдө корголушу керек, ал эми бул коргоонун негизи баланын жашоосунун алгачкы күндөрүнөн тартып эле түзүлөт. Өнөктөштөрдүн колдоосу менен биз «муздак чынжыр» системасынын натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүп, вакциналардын сактоо жана ташуу процессинин бардык этаптарында алардын сапатынын талаптагыдай деңгээлде болушун камсыз кылуудабыз. Ошол эле учурда иммунизация системасын модернизациялоо иши уланууда, анын ичинде маалыматтарды эсепке алууну жакшыртууга, вакцинациянын сапатын жогорулатууга байкоо жүргүзүү жана калк үчүн кызматтарды жеткиликтүүрөөк кылууга мүмкүндүк берген инновациялык санариптик iEmdoo платформасы киргизилүүдө», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары, Башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Гүльбара Ишенапысова.
«1974-жылдан бери эмдөө дүйнө жүзү боюнча, баалоолор боюнча, 154 миллион адамдын өмүрүн сактап калды. Бул эч кандай күмөн калтырбайт: вакциналар иштейт жана өмүрдү сактайт. Айрыкча, Кыргызстан иммунизация системасын чыңдоодо туруктуу жана үмүт жараткан прогрессти көрсөтүүдө. Биз буга чейин эле уллуттук иммунизация системасы калыбына келүүсүн жана анын оң натыйжанын ачык белгилерин көрүп жатабыз», — деп белгиледи д-р Ханс Клюге, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросунун директору.
«Өлкөнүн негизги артыкчылыктарынын бири — жамааттардын жана диний уюмдардын башчылары менен узак убакыттан бери түзүлгөн өнөктөштүк. Дал ушул биргелешкен иштин натыйжасында 2024–2025-жылдар аралыгында вакцинадан баш тартуулардын саны 10%га кыскарган. 2025-жылы эле маалымат жеткирүү кампания 564 562 баланы камтып, мурда бир да жолу вакцина албаган балдарды аныктоого жана аларды эмдөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Алардын арасында мигрант үй-бүлөлөрдүн балдары жана башка аярлуу топтор да бар», — деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Ана Даутович.
Европалык иммунизация жумалыгы — бул ар бир адам үчүн эмдөөгө болгон мамилесин кайра карап чыгып, ден соолугун коргоону тандап алуу мүмкүнчүлүгү.