Кептөөр — кептөөр таякчасы тарабынан пайда болгон курч карма- ган инфекциялык оору. Негизинен жөтөлүү жана чүчкүрүү учурун- да аба аркылуу жугат. Оорулуу жана бактерия алып жүрүүчү адам жуктуруунун булагы болуп саналат. Көп учурда кептөөр жогорку дем алуу жолдорунун, айрыкча кекиртектин курч сезгенүүсү түрүндө өтөт. Сейрек учурда мурун, көз, кулак, териде алардын жабырлан- ган жерлеринде, жыныс органдарында кептөөр пайда болот. Инкубациялык мезгили 2 күндөн 10 күнгө чейин созулат.
Оорунун эң эле кеңири тараган түрү ооз-кекиртектин кептөөрү бо луп саналат.
Оорунун эң эле кеңири тараган түрү ооз-кекиртектин кептөөрү бо луп саналат.
Симптомдор:
Балдар үчүн тамактын жана дем алуу жолдорунун кептөөрү (кептөөр кагыны) олуттуу коркунуч туудурат. Температура 40°Сга чейин жого- рулайт, одоно, үргөн жетел пайда болот. 2-3 суткадан кийин жөтөл жана үн даана угулбайт, андан кийин такыр эле үнсүз болуп калат. Тамак шишип жана тарып кетишинен улам дем алуу кыйындайт жана муунуп калышы мүмкүн. Эгерде кептөөр сары суусун өз учурунда куйбаса, бала дем алуунун жетишсиздигинен көз жумушу мүмкүн.
Кептөөр таякчасы организмге келип түшүү менен оор татаалдашуу- ларды: жүрөк булчуңдарынын жабырлануусу (миокардит), нервдер- дин жабырлануусу (полиневрит), буту-колдун, дем алуу булчуңда- рынын жана диафрагманын шал болуусун пайда кылуучу ууну иштеп чыгат.
- Дене табынын 38°-39°Сга чейин жогорулашы
- Тамактын оорушу
- Алкым бездеринин кызарышы жана шишип чыгышы
- Алкым безиндеги өңөр. Кээ бир учурда ал таңдайга, жумшак таңдайга, тамактын каптал тараптарына, кекиртекке чейин жайылып кетет. Өңөрдү кыргыч менен алуу кыйын, өңөрдү тазалоого аракеттенген учурда канайт
- Моюндагы лимфа түйүндөрү чоңоёт
- Моюндун жумшак ткандарынын шишип кетиши
Балдар үчүн тамактын жана дем алуу жолдорунун кептөөрү (кептөөр кагыны) олуттуу коркунуч туудурат. Температура 40°Сга чейин жого- рулайт, одоно, үргөн жетел пайда болот. 2-3 суткадан кийин жөтөл жана үн даана угулбайт, андан кийин такыр эле үнсүз болуп калат. Тамак шишип жана тарып кетишинен улам дем алуу кыйындайт жана муунуп калышы мүмкүн. Эгерде кептөөр сары суусун өз учурунда куйбаса, бала дем алуунун жетишсиздигинен көз жумушу мүмкүн.
Кептөөр таякчасы организмге келип түшүү менен оор татаалдашуу- ларды: жүрөк булчуңдарынын жабырлануусу (миокардит), нервдер- дин жабырлануусу (полиневрит), буту-колдун, дем алуу булчуңда- рынын жана диафрагманын шал болуусун пайда кылуучу ууну иштеп чыгат.
Кантип сактануу керек?
Кептөөргө каршы эмдөө:
Толугураак «Вакцинациянын түрлөрү» бөлүмүндө.
Кептөөргө каршы эмдөө:
- 2 айында пентавакцинанын курамныда АКДС-ВГВ-ХИБ
- 3,5 айында пентавакцинанын курамныда АКДС-ВГВ-ХИБ
- 5 айында пентавакцинанын курамныда АКДС-ВГВ-ХИБ
- 2 жашында ревакцинациялоо АКДС
- 6 жашында ревакцинациялоо АДС
- 11 жашында ревакцинациялоо АДС-М
- 16 жаштан баштап ар бир 10 жылда ревакцинациялоо АДС-М
Толугураак «Вакцинациянын түрлөрү» бөлүмүндө.