Инфекции KG

Көк жөтөл

Көк жөтөл- көк жөтөл таякчасы тарабынан пайда болгон курч ин- фекциялык оору. Чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөшүү учурунда аба аркылуу жугат. Көп учурда кекжетел менен 6 жашка чейинки балдар оорушат. Өзгөчө кек-жөтөл балдардын өмүрүнүн биринчи жылында коркунучтуу.

Оорунун биринчи белгилери КДВО (курч дем вирустук оорулары) жана КРОго (курч респиратордук оорулар) окшош: дене табынын жогорулашы, мурундун бүтүшү жана жөтөл. 7-10 күндөн кийин жөтөл күчөйт, приступ сыяктуу “үрүүчү” болуп калат жана тамактагы тырышуулар менен коштолот. Жөтөлдүн приступтары кусуу, беттин кызаруусу жана көгөрүүсү менен коштолушу мүмкүн. Бир күн ичин де 20-30га чейин жеткен приступтар болушу ыктымал. Эмчектеги балдарда көк-жөтөл чагылгандай тез өтүүчү формада болот жана узакка созулган жөтөлүү приступтарынан кийин дем алуу токтоп ка- лышы мүмкүн. Көк-жөтөлдүн кеп кездешкен татаалдашуулары өпкөнүн сезгениши, көкүрөк челинин сезгениши, жалган кагын болуп саналат. Көк жөтөлдүн оор формасы узакка созулган гипоксияга, баш мээнин жана жүрөктүн ткандарынын кан менен жабдылуусунун бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Кантип сактануу керек?

Көк жөтөлгө каршы эмдөөнүн жүргүзүлүшү:

  • 2 айында пентавакцинанын курамында АКДС-ВГВ-ХИБ
  • 3,5 айында пентавакцинанын курамында АКДС-ВГВ-ХИБ
  • 5 айында пентавакцинанын курамында АКДС-ВГВ-ХИБ
  • 2 жашында ревакцинация АКДС

Толугураак «Вакцинанын түрлөрү» бөлүмүндө.