Адамдын папиллома вирустары (АПВ) — теринин жана былжыр челдин эпителийине таасир этүүчү өтө кеңири таралган жана генетикалык жактан ар түрдүү ДНК камтыган вирустардын тобу. АПВнун 200дөн ашык түрлөрү аныкталган жана сүрөттөлгөн. Ар бир түрү жакынкы штаммдан 10%дан ашык айырмаланат. Алардын ичинен 30дан ашык АПВ түрү урогениталдык трактынын эпителий катмарына инфекцияны жугузушу мүмкүн.
Эмне үчүн эмдөө жүргүзүлөт: өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы коргоо.
Кантип коргоонуу керек? Адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө кыздарга 11 жашында жүргүзүлөт.
Колдонуу ыкмасы жана дозасы: Вакцина 6 айлык интервал менен эки жолу коюлат жана 0,5 мл дозада ийнине булчуң аркылуу киргизүү үчүн гана арналган.
Колдонууга болбогон жагдайлар:
Курч оорулар;
Курч стадиясындагы өнөкөт оорулар;
Вакцинанын активдүү компоненттерине жана көмөкчү заттарына жогорку сезгичтик;
Вакцинанын мурунку дозасынан кийин аллергиялык реакция;
Гемофилия, тромбоцитопения же кандын уюгучтугунун бузулушу;
Оор ысытма абал;

Вакцинаны киргизүүгө реакциянын пайда болушу:
Көбүнчө: сайылган жердин кызаруусу, оорушу жана шишиги. Реакциялар кесепеттерсиз жоголот жана медициналык кийлигишүүнү талап кылбайт.
Көбүнчө: сайылган жердин кызаруусу, оорушу жана шишиги. Реакциялар кесепеттерсиз жоголот жана медициналык кийлигишүүнү талап кылбайт.
Сейрек: температуранын жогорулашы, баш айлануу жана жүрөк айлануу кирет.
Курамы: Активдүү заттар: адамдын папиллома вирусунун (6, 11, 16 жана 18) ар бир түрү үчүн өтө тазаланган инфекциялык эмес белок.
Вакцинанын бир дозасы (0,5 мл) төмөнкүлөрдү камтыйт:
Вакцинанын бир дозасы (0,5 мл) төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Адамдын папиллома вирусу1 Белок түрү L12.3 20 микрограмм
- Адамдын папиллома вирусу1 Белок түрү 11 L12.3 40 микрограмм
- Адамдын папиллома вирусу1 Белок түрү 16 L12.3 40 микрограмм
- Адамдын папиллома вирусу1 Белок түрү 18 L1 2,3 20 микрограмм
- Аморфтук гидроксифосфат алюминий сульфаты бул вакцинага адъювант катары киргизилген. Адъюванттар – вакцинанын коргоочу таасирин тездетүү, жакшыртуу жана/же узартуу үчүн кээ бир вакциналарга киргизилген заттар.
Вакцина суспензиясындагы башка ингредиенттер:
Натрий хлорид, гистидин, полисорбат 80, бура жана инъекция үчүн суу.
Натрий хлорид, гистидин, полисорбат 80, бура жана инъекция үчүн суу.