Инфекции KG
2019-06-06 18:14

Кызамык

Кызамык — курч инфекциялык вирустук оору. Жөтөлүү жана чүчкүрүү учурунда аба аркылуу жугат. Көп учурда 2 жаштан 10 жаш- ка чейинки балдар оорушат. Оору өзгөчө бүдүрлөр болгон учурда жугуштуу, бирок бүдүрлөр пайда болгонгон чейинки 7 күндүн ичин- де дагы жугушу мүмкүн. Инкубациялык мезгили 11 күндөн 24 күнгө чейин созулат. Балдарда кызамык адатта коопсуз өтөт, бирок кээ бир учурда ангина, орто кулактын сезгенүүсү, фарингит же ларингит сыяктуу татаалдашуулар болушу мүмкүн.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баа берүүсүндө, 2017 жылы дүйнө жүзүндө кызамыктан 110 минден ашуун адам каза тапты, анын ичинде 92 миңи беш жашка чейинки балдар [3]