Иммунизация системасынын кызматкерлерин окутуу вакциналарды сактоонун натыйжалуулугун жогорулатат
2025-09-17 14:48
2025-жылдын 17-сентябрынан 19-сентябрына чейин Бишкекте үч күндүк тренинг өтөт. Бул тренинг муздатуучу камералардын квалификациясына жана вакциналарды жеткирүү чынжырчасында температурага жүргүзүлгөн мониторингдин башка өңүттөрүнө арналат. Иш-чаранын максаты – вакциналарды сактоонун натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу, вакциналарды жеткирүүнүн жана сактоонун бардык этаптарында алардын талаптагыдай сапатын камсыз кылуу. Тренингди ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен Республикалык иммунопрофилактика борбору өткөрүп жатат. Тренингге республиканын бардык аймактарынан “муздатуучу чынжырды” башкарууга байланышкан негизги көндүмдөрдү өздөштүрүү жана иштетүү үчүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери катышат. Программа өзүнө интерактивдүү викториналарды, практикалык сабактарды жана талкууларды камтыйт. Программанын өзөктүк учурлары: ✅ 1-күн: Негизги көңүл температураны өлчөгүчтөр менен иштөөгө бурулат. Катышуучулар температураларды каттап, логгерлер үчүн программалык камсыздоону орнотуп жана тууралап, так картирлөө үчүн аларды муздатуучу камераларда жайгаштырганды үйрөнүшөт. ✅ 2-күн: Катышуучулар жеткирүү чынжырчасынын өңүттөрүн, анын ичинде температуралык картирлөөнүн жана муздатуучу камералардын квалификациясын текшерүүнүн маанилүүлүгүн карап чыгышат. Ошондой эле логгерлердин жардамы менен алынган маалыматтарды талдоо боюнча практикалык сабактар өткөрүлөт. ✅ 3-күн: Акыркы күн муздаткычты алмаштырууга жана жабдууларды тууралоого, маалыматтарды талдоого жана регионалдык муздатуучу кампаларды регионалдык пландоого байланышкан маселелерди талкуулоого арналат. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 19-июнундагы №660 “2024-2025-жылдарга вакциналарды натыйжалуу башкарууну жакшыртуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” буйругун, ошондой эле “Температураны картирлөө боюнча улуттук СОПту иштеп чыгуу жана кабыл алуу” документинин 4-пунктун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө. Тренинг катышуучуларга тажрыйба алмашууга жана вакциналардын коопсуздугу жаатында билимин өркүндөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.