Новости KG

24-октябрда Полиомиелит менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленүүдө

Бул жалпы дүйнөлүк коомчулук үчүн маанилүү күн. Полиомиелит – вирус козгогон өтө кооптуу жана коркунучтуу жугуштуу оору. Вирус ооз аркылуу, булганган суу же азык-түлүк жана заң аркылуу жугат. Ал нерв системасын жабыркатат жана 5 жашка толо элек балдар тобокелдик тобунда болушат. Оору биринчи кезекте ушул курактагы балдарды бутага алат. Вирус жуккан 200 учурдун биринде айыкпас шал оорусу пайда болот. Вируска кабылган адамдардын 5-10% дем алуу булчуңдарынын шал оорусунан улам көз жумат.
Полиомиелитке каршы вакцина ойлоп табылганга чейин дүйнө жүзү боюнча жыл сайын миңдеген адамдар шал болуп, ушундан көз жумуп келишкен. Алсак, 1916-жылы эпидемиянын натыйжасында АКШда эле 6 000 адам каза болуп, 27 000ден ашуун адам шал болуп калган. 1950-жылдардын башында жыл сайын полиомиелиттин 25 000ден ашуун учуру катталып турган.