Новости KG

Саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып баруу жана коом алдында сүйлөө көндүмдөрүн чыңдашты

2026-07-09 17:05
2026-жылдын 7–8-июлунда Республикалык иммунопрофилактика борбору (РИБ) Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) техникалык колдоосу менен саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана коммуникация маселелерине жооптуу адистер үчүн эки күндүк тренинг өткөрдү. Окутуу жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү, презентацияларды даярдоо жана коом алдында сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналды.

Иш-чарага саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү катышып, эки күндүн ичинде ЖМК менен иштөөнүн заманбап ыкмаларын, татаал медициналык темаларды жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде жеткирүүнүн жолдорун, журналисттер менен конструктивдүү кызматташуунун принциптерин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн кызыктуу маалыматтык себептерди түзүүнүн өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүштү.

Тренингдин жүрүшүндө телекөрсөтүү жана онлайн-медиа үчүн маек берүүгө даярданууга өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар камера алдында өзүн алып жүрүү боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуп, журналисттердин суроолоруна, анын ичинде татаал жана сезимтал темалар боюнча ишенимдүү жооп берүү ыкмаларын өздөштүрүштү. Ошондой эле үндү туура колдонуу, дене тили жана вербалдык эмес коммуникациянын башка элементтерин натыйжалуу пайдалануу боюнча билим алышты.

Жекече интервьюларды өткөрүү жана аларды видеого жаздыруу менен коштолгон практикалык сабактар катышуучуларга кесипкөй пикирлерди алып, ЖМК өкүлдөрү менен иштөөдө өзүнө болгон ишенимин арттырууга мүмкүнчүлүк берди.

Тренингдин өзүнчө бөлүгү терс маалыматтык материалдарга жооп кайтаруу, репутациялык тобокелдиктерди башкаруу жана кризистик кырдаалдарда уюмдардын алгачкы расмий билдирүүлөрүн даярдоо маселелерине арналды.

Тренингдин экинчи күнүндө катышуучулар натыйжалуу презентацияларды даярдоонун негизги принциптерин, слайддарды иштеп чыгуунун заманбап ыкмаларын жана визуалдык коммуникациянын усулдарын үйрөнүштү. Практикалык машыгуулар коом алдында ишенимдүү сүйлөө, аудитория менен натыйжалуу байланыш түзүү, ошондой эле үндү жана дене тилин колдонуу аркылуу сөздүн таасирдүүлүгүн жогорулатуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.

Тренингди өткөрүү саламаттык сактоо уюмдарынын коммуникациялык потенциалын чыңдоого, ошондой эле жетекчилер менен адистердин жалпыга маалымдоо каражаттары, өнөктөштөр жана калк менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түздү.