Инфекции KG

Гэмофилия инфекциясы (ХИБ-инфекциясы)

Гэмофилия инфекциясы (ХИБ-инфекциясы) — бул b гемофилия таякчасы тарабынан пайда болуучу коркунучтуу инфекциялык оорулардын тобу. Аба аркылуу жугат. Гемофилия инфекциясы айрыкча дем алуу органдарынын, борбордук нерв системасынын жабырлануусу жана ар кайсы органдардагы ириңдүү очоктордун өөрчүшү менен мүнөздөлөт:

  • Ириңдүү менингит (мээ кыртышынын сезгенүүсү)
  • Пневмония (өпкөнүн сезгенүүсү)
  • Эпиглотит (кекиртектин жылмакай кемирчегинин сезгенүүсү)
  • Отит (орто кулактын сезгенүүсү)
  • Артрит (муундардын сезгенүүсү)
  • Остеомиелит (сөөктөрдүн сезгенүүсү)
  • Целлюлит (тери астындагы клетчатканын сезгенүүсү)
  • Сепсис (кандын булгануусу)

Балдарда оору дүркүрөп, чагылгандай бат өөрчүйт, ал эми менин гит, эпиглотит жана сепсис өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Кантип сактануу керек?
Гэмофилия инфекциясына каршы эмдөө:

  • 2 айында пентавакцинанын курамында АКДС-ВГВ-ХИБ
  • 3,5 айында пентавакцинанын курамында АКДС-ВГВ-ХИБ
  • 5 айында пентавакцинанын курамында АКДС-ВГВ-ХИБ