Тырышма — тырышма таякчасы тарабынан пайда болгон өлүмгө алып келүүчү оору. Оорунун козгогучтары жер кыртышында болот жана адамдын организмине жабырланган тери жана былжыр чел- дер (терең жаракат, кесиктер, күйүктөр, үшүккө алдырган жерлер, ачык сыныктар ж.б.) аркылуу кирет. Жаракатка кирген тырышма таякчасы борбордук нерв системасын жабырлантуучу күчтүү уулардын бирин иштеп чыгат. Дем алуу булчуңдарынын тырышуусу, жүрөк булчуңунун шал болуусу, дененин бардык булчуңдарынын калчылдоосу башталып, өлүм менен жыйынтыкталат. Тырышма ме- нен кеп учурда 3 жаштан 7 жашка чейинки балдар оорушат. Бул ку- ракта алар езгече кыймылдуу жана кеп учурда ар кандай жаракат- тарга жана жабырланууларга дуушар болушат. Тырышмадан болгон өлүм көрсөткүчү ымыркайлар арасында 100%ды түзөт.
Тырышманын симптомдору:
Жаракат айыккан болсо дагы ошол тарапта сыздаган оору пай да болот
Тризм — чайноочу булчуңдардын чыңалуучу жана калчылдап жыйрылуусу, бул оозду ачууну оорлотот
«Сардоникалык жылмаюу»: каштар көтөрүлгөн, эриндер чыңа- лып жана эки тарапка чоюлган, ооздун бурчтары түшкөн
Тамактын булчуңдарынын тырышуусунан улам пайда болгон дисфагия (жутуунун кыйындашы жана оорутуу)
Дененин булчуңдарынын оорутуу менен чыңалышы — опистотонус: оорулуу төшөктө согончогу жана желкеси менен гана таянып, догоо сыяктуу ийилет. Оорулууну чалкасынан жаткырганда башы артка чалкалайт, дененин бел жак бөлүгү аркасы менен төшөктүн ортосуна колду сунууга боло тургандай деңгээлде көтөрүлгөн
Кантип сактануу керек?
Тырышмага каршы эмдөө:
2 айында пентавакцинанын курамында АКДС-ВГВ-ХИБ
3,5 айында пентавакцинанын курамында АКДС-ВГВ-ХИБ
5 айында пентавакцинанын курамында АКДС-ВГВ-ХИБ
2 жашында ревакцинациялоо АКДС
6 жашында ревакцинациялоо АДС
11 жашында ревакцинациялоо АДС-М
16 жашында жана ар бир 10 жылда ревакцинациялоо АДС-М