Бул масштабдуу иш-чара балдардын ден соолугун коргоо багытында чоң мааниге ээ.
УЮШТУРУУЧУЛАР ЖАНА КАТЫШУУЧУЛАР:
Семинарга Кыргызстан, Армения, Грузия, Казакстан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү, ошондой эле Европа жана АКШнын алдыңкы эксперттери катышты.
Уюштуруучулар:
- КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (Директору Джетыбаева А.Б.)
- КР Балдар дарыгерлеринин союзу коомдук уюму (Президенти Сулайманов Ш.А.)
- Эл аралык педиатриялык ассоциациясы (IPA) (Аткаруучу директору Наавин Такер)
СЕМИНАРДЫН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ:
- Вакцина менен башкарылуучу инфекцияларга, анын ичинде кызамыкка (корь) каршы күрөштү күчөтүү;
- Эч кандай эмдөө албаган (zero-dose) жана толук эмделбеген балдарды өз убагында аныктап, толуктоочу иммунизация менен толук камтууга жетишүү;
- Биринчи звенодогу дарыгерлердин илимий билимин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу;
- ДСУ/ВОЗ, ЮНИСЕФ жана Гави (Gavi) сыяктуу эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты кеңейтүү.
ТАЛКУУЛАНГАН НЕГИЗГИ МАСЕЛЕЛЕР:
1. Эл аралык тажрыйба алмашуу. Катышуучулар өлкөлөр аралык натыйжалуу тажрыйбалары менен бөлүшүп, вакцинологиянын негиздери жана жаңы вакциналар (мисалы, кургак учукка каршы жаңы вакциналарды иштеп чыгуу) боюнча заманбап маалыматтарды талкуулашты. Ошондой эле КР ССМ Республикалык иммунопрофилактика борбору 2025–2030-жылдарга карата «Иммунопрофилактика» программасынын аралык жыйынтыктарын сунуштады.
2. Вакцинациянын коопсуздугу. Вакциналардын фармаконадзоруна, коопсуздугун мониторингдөө тутумун өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Эмдөөдөн кийинки жагымсыз көрүнүштөрдү (НППИ/AEFI) каттоо, изилдөө жана калк арасында эмдөөгө болгон ишенбөөчүлүктү (vaccine hesitancy) жеңүү жолдору каралды.
3. Санариптештирүү. «Иммунизация» маалыматтык системасын «Санарип MED» системасы менен интеграциялоо жана DHIS2 платформасы аркылуу пландуу эмдөөлөргө мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Маалыматтардын сапатын жогорулатуу, отчеттуулукту автоматташтыруу жана аналитикалык куралдарды өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдар белгиленди.
КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА:
Семинардын катышуучулары жогорку деңгээлдеги тренерлер катары даярдалды. Gavi 6.0 программасынын алкагында өлкөнүн вакцина портфелин оптималдаштыруу стратегиялары талкууланды.
Эми алар аркылуу республикабыздын бардык аймактарында — Үй-бүлөлүк медицина борборлору (ҮМБ), Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору (ҮДТ) жана Фельдшердик-акушердик пункттар (ФАП) үчүн каскаддык окутуулар өткөрүлөт.
Катышуучулар белгилегендей: "Вакцина бар — бирок аны эмдөөгө жеткирүү маанилүү".