Новости KG

Бишкекте шаардык вакциналарды сактоочу кампанын курулушу башталды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарында вакциналарды сактоочу жаңы шаардык кампанын курулушун баштады. Долбоор эмдөө системасын мындан ары чыңдоого жана иммунобиологиялык препараттарды ишенимдүү сактоону камсыз кылууга багытталган.

Курулуш иштерин 2026-жылдын июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Долбоордун жалпы баасы 107 миң АКШ долларынан ашат. Каржылоо Вакциналар жана иммундаштыруу боюнча глобалдык альянстын (Gavi) каражаттарынын эсебинен, ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Жаңы кампа вакциналарды сактоо боюнча эл аралык талаптарга толук жооп берет. Ал заманбап муздаткыч жана тоңдургуч жабдуулар, температура менен нымдуулукту сутка бою автоматтык түрдө көзөмөлдөө системасы, ошондой эле электр энергиясы үзгүлтүккө учураган учурда иштей турган резервдик энергия булактары менен жабдылат. Бул вакциналарды саламаттык сактоо уюмдарына сактоо жана жеткирүү процессинин бардык баскычтарында «муздак чынжырдын» талаптарын сактоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Санжар Темирбеков белгилегендей, жаңы кампанын курулушу өлкөдөгү иммунопрофилактика системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналат.

«Вакциналарды сактоо үчүн заманбап инфраструктураны түзүү алардын сапатын жана коопсуздугун логистиканын бардык баскычтарында камсыз кылууга, ошондой эле калкты иммундаштыруу системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт», — деди Санжар Темирбеков.

Жаңы кампаны куруу зарылдыгы борбор калаада калктын санынын өсүшү жана сакталуучу вакциналардын көлөмүнүн көбөйүшү менен шартталган. Жаңы объект Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарын иммунобиологиялык препараттар менен өз убагында жана коопсуз камсыздоого, ошондой эле жугуштуу оорулардын мүмкүн болгон очокторуна жана башка өзгөчө кырдаалдарга саламаттык сактоо системасынын даярдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Gavi жана ЮНИСЕФ менен биргеликте иммунизациялоо инфраструктурасын өнүктүрүү жана калкка көрсөтүлүүчү эмдөө кызматтарынын сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылууда.