icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кызамыктын тамыр жайып жатканына жооп катары кошумча эмдөө боюнча өнөктүктүн кезектеги этабы бүгүн, 10-июнда Талас жана Ысык-Көл облустарында башталды. Ал эми 13-июнда кошумча эмдөө Баткен жана Нарын облустарында башталат.

👁 125
Опубликовано: 11 июня 2024

Ушул тапта кызамыкка жана кызылчага каршы вакцина сайылып жатат. Эмдөөгө каражатты Кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында түзүлгөн Эпидемияга жооп кайтаруу фонду бөлгөн.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүдө.

Пландуу жана кайра эмдөөнүн жүрүшүндө кызамыкка каршы вакцинанын 2 дозасын тең алган балдарды кошпогондо, эмдөөдөн 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы бардык балдар өтүүгө тийиш.

Эмдөөнү ҮМБдан/ҮДТдан/ФАПтан жана эмдөө боюнча көчмө бригадалардын жардамы менен акысыз алууга болот.

Эмдөө алган балдар кайрадан вакцина албашы үчүн алардын чыпалактары жашыл түскө боёлот (зелёнка).

Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери буга чейин жер-жерлерде медициналык кызматкерлерди окутуп чыгышкан. Мында алар калк менен байланыш түзүүгө жана эмдөөнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө басым жасашкан.