icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Медициналык кызматкерлер үчүн эскертме

👁 4400

Опубликовано: 28 июня 2019
Обновлено: 17 июля 2019

Эмдөө өткөрүүнүн алдында

Эмдөө жасаганга чейин дарыгер баланын ата-энесинен төмөнкү маалыматтарды сурашы керек:

Профилактикалык эмдөөнү жүргүзүүнүн алдында дарыгер баланы карап, температурасын өлчөп, зарылчылык болсо лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүп, эмдөө статусунун өзгөчөлүктөрү менен таанышып, андан кийин эмдөөнүн түрүн аныктап белгилүү вакцинаны жасоого уруксат берүүгү тийиш же кайсы медициналык көрсөтмөлөр боюнча иммунизациядан баш тартылышы керектигин билдирет.  

Эмдөө жүргүзүүнүн алдында баланын ата-энесине вакцинациядан кийинки терс реакциялар тууралуу айтып берип, ошол эле учурда вакциналардын жардамы менен потенциалдуу коркунучтуу оорулардын алдын алуунун артыкчылыктарын баса белгилеп, өз рекомендацияларын берүү зарыл.  Эгерде ата-эне баласын эмдетүүдөн баш тартып, бул нерсе баладагы оорунун өрчүшүнө алып келсе, “Инфекциялык оорулардын иммундук профилактикасы тууралуу” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, жоопкерчилик баланын ата-энесине же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө жата турганын эскертүү зарыл.

Профилактикалык эмдөөлөрдүн жок болушу билим берүү мекемелерине кабыл алуудан убактылуу баш тартууга алып келиши мүмкүн, эгер массалык инфекциялык оорулар жүрүп жатса же эпидемия коркунучу бар болсо.

Баланын ата-энесине консультация берүү

Ата-энелерде вакцинацияга тиешелүү суроолорду талкуулоо заырлчылыгы көп эле пайда болот. Мындайда үй-бүлөлүк дарыгер жумушунун көптүгүнө карабастан өз убактысын бөлүүгө милдетүү.

Ата-энелер менен сылык сүйлөшүү, аларды угуу жана эмдөөгө байланыштуу санааркоолорун түшүнүүгө аракет кылуу, ишенимдүү мамиле курууга жана балдарына эмдөөнү жасатуу чечимин кабыл алууда колдоо көрсөтүүгө жардам берет. Эгер ата-энелерде эмдөөгө байланыштуу күмөн саноолору бар болсо, иммунизациялоо тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн малыматтык материалдарды берип же ДСУ, ЮНИСЕФ, ГАВИ уюмдарынын вебсайтына кирип көрүүнү сунуштаңыз. Бул аларга вакцинация тууралуу абройлуу маалыматты окуп, ой жүгүртүп, туура чечим кабыл алуусуна жардам берет.

Эффективдүү консультация берүү ыкмалары

Жөнөкөй жана эсте кала турган баарлашуу

Ата-энелерди кунт коюп угуңуз

Мифтерди жана жаңылыш пикирлерди жокко чыгарууга даяр болуңуз

Ата-энелердин суроо берүүсүн колдоңуз

Сөздү колдоп туруңуз

Жөлөкпулдарды жана эмдөө тобокелдиктердин таануу

Ата-энелер эмне үчүн вакцинацияны жылдырып же андан баш тартып жаткандыгынын себебин аныктаңыз