fbpx

Ата-энелерге вакцинация тууралуу

Опубликовано: 28 июня 2019
Обновлено: 9 июля 2020

Вакцинациянын зарылчылыгы тууралуу, кайсынысы сиздин балаңызга керек экенин аныктоо, эмдөөгө даярдык көрүү жана эмделгенден кийин көзөмөлдө болуу үчүн дарыгерге кайрылуу зарыл. 

Бала төрөлгөн күнүнөн тартып поликлиникага учетко туруу керек. Ал жактан балага атайын медициналык карта ачылат. Картага баланын өнүгүүсү жөнүндө, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жана жасалган эмдөөлөр тууралуу так маалымат жазылат. Баланы бакчага же мектепке берерде, же дарыгер алмашканда бардык эмдөөдөн өткөндүгүн көрсөтүү үчүн бул маалыматтын пайдасы тиет. 

1. Эмдөөгө көрсөтмөлөр жана каршы көрсөтмөлөр

Иммунизациялоонун алдында дарыгер (фельдшер) ата-энеден бардыгын дыкаттык менен сураштырат. Сураштыруунун башкы максаты — буга чейин эмне менен ооруган, анын ичинде өнөкөт оорулары, буга чейин препаратты киргизүүдө кандай реакция же татаалдашып кетүү болгон, дарыларга, тамак-ашка болгон аллергиялык реакциялары тууралуу билип аныктоо; организмдин индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн аныктайт (ара төрөлүү, төрөт учурунда травма алуу, тарамышы түйүлүү), ошондой эле инфекциялык оорулуулар менен контакт болгонбу жана буга чейинки эмдөөлөр качан жасалган деп тактайт. Дене табынын көтөрүлүшү менен коштолгон курч ооруда (суук тийүү, ангина, бронхит, грипп, пневмония ж.б.) эмдөөнү бала айыкканга чейин жылдыруу керек. 

2. Даана байкалган аллергиялык реакция

Эгер бала түрдүү аллергияларга дуушар болсо, анда дарыгерге алдын ала билдирип, кошумча чара көрүү тууралуу сүйлөшүү керек.

Эсиңизде болсун, жаңы тамак-ашты эмдөө күнүнө чейин бир-эки күн калганда жана эмдөөдөн бир-эки күн кийин рационго киргизбей туруу зарыл. Эгер баланы эмизсеңиз өзүңүздүн рационуңузга жаңы тамак-ашты кошпой туруңуз.

3. Анализдер жана дарыгерлердин кошумча уруксат берүүсү

Дарыгер эмдөөгө чейин кошумча анализ тапшыруу же тиешелүү адистерге көрүнүү керек экенин аныктайт.

Мисалы, эгер педиатрга нерв системасындагы өзгөрүүлөр түшүнүксүз болсо, ал баланы неврологго көрсөтүүгө жөнөтөт. Андан кийин вакцинация тууралуу жана кайсы түрүн жасоо керек деген чечимди кабыл алат.  

4. Эмдөө күнү

5. Эмдөө жасалгандан бир күн өткөндөн кийин

Вакцинадан кийинки реакциялар

Кыргызстанда колдонулган вакциналар коопсуз, эффективдүү жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Бирок  вакцина бардык дарылык препараттардай эле терс реакцияларды козгошу мүмкүн, алар иммундаштыруудан кийинки терс көрүнүштөр (ИКТК) деп аталат.

Иммунизациядан кийинки терс көрүнүштөр – иммунизациядан кийинпайда болгон терс өзгөрүүлөрдүн бардыгын эмдөөгө байланыштыруу болбойт.

ИКТК пайда болуу себебине жараша 5 типке бөлүнөт:

  1. вакцинанын өзгөчөлүктөрүнө жараша вакциналдык реакциялар;
  2. вакцинанын дефектисине байланыштуу вакциналдык реакциялар;
  3. иммунизациялоо учурундагы жаңылыштыктарга байланыштуу (вакцинаны туура эмес колдонуу, саюу) вакциналдык реакциялар;
  4. иммунизациялоо учурундагы сарсанаа болуу абалына байланыштуу вакциналдык реакциялар;
  5. убактысы боюнча иммунизацияга туш келген окуялар.

Поствакциналдык реакциялар ИКТКнын 1 тибине кирет. Бул организмдин бөтөн антигенди киргизүүгө болгон реакциясы жана иммунитеттин иштелип чыгуу процессин чагылдырат. Так ушул реакциялар оор инфекциялык оорулардан жана андан кийин келип чыккан татаалдашып кетүүдөн балдарды сактайт. Поствакциналдык реакциянын деңгээлин алдын ала аныктоо мүмкүн эмес, себеби ал баланын организминин индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды.

Поствакциналдык реакциялар өз кезегинде пайда болуу жыштыгына жана оордугуна жараша 2 типке бөлүнөт:

  1. Көп кездешүүчү, вакцинага болгон өтө маанилүү эмес реакциялар;
  2. Сейрек кездешүүчү, вакцинага болгон олуттуу реакциялар.

Көп кездешүүчү, вакцинага болгон өтө маанилүү эмес реакциялар – бул вакцинанын айрым өзгөчөлүктөрүнө болгон организмдин индивидуалдуу реакциясы, алар белгилүү жана вакцинага тиркелген колдонмодо көрсөтүлгөн. Бул кадимки реакциялар, тез эле өтүп кетет жана баланын ден соолугуна зыянын тийгизбейт. Алар жергиликтүү жана жалпы реакциялар катары байкалат.

Жергиликтүү реакциялар – вакцинаны киргизген жердин кызарышы, ооруксунуусу, шишигени же катышы. Бул реакциялар вакцина жасалган күнү пайда болот, 2-3 күндөн ашык созулбайт жана медициналык кийлигишүүнү талап кыбайт.

Эсиңизде болсун, жергиликтүү реакциядан ооруксунууну жеңилдетүү үчүн дарыны дарыгер гана жазып бере алат. Жергиликтүү жылытуучу каражаттарды (медикаментоздук, физиодарылоо) колдонууга такыр болбойт.

Эгер жергиликтүү реакциялар көлөмү канчалык болбосун, 3 күндөн ашык сакталса, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл.

Жалпы реакциялар – бул баланын жалпы акыбалынын жана жүрүм-турумунун өзгөрүшү: тынчы кетүү, шалдыроо, уйкусу качуу жана тамакка табити бузулуу, температурасы 380С чейин көтөрүлүү.

Эмдөөдөн кийин дагы дарыгерден консультация алыңыз, анткени ар бир вакцина ар башка реакцияны козгойт, ошондой эле ар бир баланын организми индивидуалдуу.

Сейрек кездешүүчү же вакцинага олуттуу реакциялар – бул вакцинадагы конкреттүү компонентке болгон организмдеги ашыкча реакциялар, алар күтүлбөгөн, керек эмес жана аны алдын ала билүү мүмкүн эмес. Олуттуу реакциялар сейрек кездешет, алар өлүмгө же узак майыптыкка алып келет.

БЦЖ вакцинасын киргизүүгө карата сейрек кездешүүчү жергиликтүү каршы реакция болуп төмөнкүлөр саналат:

Кандай болбосун вакцинадан кийин жергиликтүү реакциянын оор өтүшү (гиперемия 8 см.ден ашык, шишиктин диаметри 5 см.ден ашык) бул препаратты кийинкиде колдонууга болбойт дегенди билдирет. Аллергиялык оорусу бар балдарда вакцинанын компоненттерине сезимталдуулугу жогору болгондуктан, эмдөөгө аллергиялык реакциялар пайда болушу мүмкүн: бөрү жатыш, Квинке шишиги, анафилактикалык шок. Мындай реакциялар вакцина алгачкы жолу жасалганда, же кайталанып жасалганда деле пайда болушу мүмкүн.