icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Балдарды эмдөө — Эмдөөнүн түрлөрү

👁 55006

Опубликовано: 28 июня 2019
Обновлено: 17 октября 2021

Көптөн бери күткөн балалуу болушуңар менен куттуктайбыз! Бул ата-эне үчүн кубанычтуу, ошол эле тапта жоопкерчиликтүү учур. Баланы бардык кыйынчылыктардан коргогуң келет, өзгөчө кооптуу оору менен инфекциялардан. 

Баланын ден соолугун сактоого бир жашка чыкканга чейин эмдөөлөр жардам берет. Кээ бир ата-энелер жаңылыш пикирде болуп, вакцинацияга ишене беришпейт, ошондуктан бул процедураны жылдырып же такыр эле баш тартышат. Эсиңерде болсун, бир жашка чыкканга чейин баланын эмдөөсүн жылдыруу  — бул кооптуу инфекциянын өрчүшүнө кошумча шарт түзүү менен барабар!

Гепатитке каршы вакцина — В-ВГВ

Алгачкы 24 сааттын ичинде балага В гепатитине каршы вакцина саюу сунушталат. Ал баланы энесинен оору жугузуп алуу коркунучунан сактайт. Кош бойлуу кезде ар бир эне гепатит В вирусуна болгон антителолорго тест тапшырат. Жыйынтык оң болуп чыкканы менен баары бир төрөт учурунда аз болсо да энесинен В гепатитин жуктуруп алуу коркунучу бар. Эгер бул эмдөөгө маани бербей же белгисиз мөөнөткө жылдырып койгондо, баланын организминдеги инфекциянын өрчүшүн эч нерсе токтото албайт. В гепатитинен узак мөөнөттөгү коргоону камсыздоо үчүн эмдөөнү 3 ирет, 2, 3,5 жана 5 айында кайталоо зарыл. 

Кургак учукка каршы вакцина — БЦЖ

Кургак учукка каршы вакцина — төрөт үйүндө бир жашка чейин жасала турган экинчи эмдөө. Бала төрөлгөндөн кийин алгачкы күндөрүндө жасалган эмдөө кургак учуктун өлүмгө алып келген оор формаларынын өрчүшүнө жолтоо болот. Кыргызстанда кургак учук оорусуна байланыштуу кырдаал жагымсыз деп бааланат. Бардык социалдык катмардагы адамдар ооруйт. Балдардын арасында кургак учук оорусунун көп болушу — калк ичинде инфекциянын булактары бар экенин күбөлөндүрөт. 

Дифтерия, көк жөтөл (коклюш), тырышма (столбняк), полиомиелит, пневмококк жана гемофилдик инфекция

Мына бул инфекциялардан коргоочу эмдөөлөр да бала бир жашка чыкканга чейин жасалат. 

ПЕНТА (АКДС-ВГВ-ХИБ) — көк жөтөл, тырышма, дифтерия, гемофилдик инфекция жана В вирустуу гепатитине каршы эмдөө. Ал 2, 3,5 жана 5 айында жасалат. 

ПКВ — пневмококк инфекциясына каршы вакцинация 2, 5 жана 12 айында өткөрүлөт. Пневмококктук инфекция — организмде ириңдөө-сезгенүү процесси катары өзүн көрсөткөн топ оорулардын себепкери. Бул топтогу инфекцияларды бардык жерден жугузуп алса болот. Микробдор негизинен аба аркылуу адамдан-адамга жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, ошондой эле шилекей аркылуу (кашык, чыны, оюнчуктар ж.б.) жугат. Иммунитети төмөн кичинекей балдар ар дайым жугузуп алуу коркунучу менен жашашат. 

ОПВ — полиемиелитке каршы вакцинация 2, 3,5 жана 5 айында жасалат. Полиемиелит — борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч вирустук инфекциялык оору. Жугузуу булагы оорулуу адам жана дени сак вирус алып жүрүүчүлөр (мындай формасы көбүрөөк кездешет). Оору жуулбаган кол, инфекциясы бар тамак-аш жана суу аркылуу жугат. Учурда атайын алдын алуучу эмдөөлөрдүн жардамы менен гана ооруну токтотсо болот.

КПК — кызылча, эпидемиялык паротит жана кызамыкка каршы вакцинация. Бала бир жашка чыкканда жасалат. 

Бала бир жашка чыкканга чейин эмдөөлөрдү жасатуу — келечекте узак убакытка чейин баланын ден соолугун сактап калуу үчүн жасалган ата-эненин орчундуу миссиясы

Өсүп келаткан организмде туруктуу жана күчтүү иммундук системаны өрчүтүү үчүн бир нече жыл катары менен ревакциянация өткөрүлөт. Бул баланы мектепке чейинки мекемелерге же мектепке кирердин алдында, оор инфекциялык ооруларга себепкер болгон жаңы микрободор жана вирустар менен бетме-бет кездешүүгө даярдоо үчүн керек. Бала бакча жана мектеп инфекциялар өтө тез жайыла турган жайлар. Ошондуктан бул жакта грипп, кызылча, кызамык, паротит, суу чечек сыяктуу жугуу деңгээли жогору болгон оорулар абдан кооптуу болушу мүмкүн. Вакцинациянын максаты — оорулардын алдын алуу.    

2 жашында көк жөтөлгө, дифтерия жана тырышма илдеттерине каршы алгачкы ревакцинация жасалат. 

6 жашында планга ылайык дифтерия жана тырышма, ошондой эле кызылча, эпидемиялык паротит жана кызамыкка каршы экинчи ревакцинация жасалат. 

11 жашында дифтерия жана тырышмага каршы ревакцинация жасалат. 

Эсиңерде болсун, вакцинациянын туура схемасын аныктоо, зарылчылык пайда болгондо тиешелүү рекомендацияларды берүү сиздин балаңыз учетто турган жана ар дайым көрүнүп жүргөн балдар дарыгери гана жасай турган иш.

Смотрите подробнее по ссылке календарь прививок, согласованный Министерством Здравоохранения Кыргызской Республики.

Өз маалында жасалган вакцинация — бул ар бир эстүү ата-эненин өз баласынын алдындагы жоопкерчилиги!