icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргызстандагы эмдөөлөр тууралуу толук маалымат

👁 15387

Опубликовано: 28 июня 2019
Обновлено: 17 октября 2021

Эмдөө – организмдин иммундук системасын инфекциялардан же оорулардан коргонуусун арттыруу максатында вакцинаны киргизүү.

Вакциналар – бул биологиялык препараттар, алар белгилүү бир ооруларга карата иммунитетти жакшыртат. Вакциналар өлгөн же жандуу, бирок алсыздандырылган вирустарды, андан тышкары, вакцинанын эффективдүүлүгүн жана туруктуулугун колдоочу компоненттерди жана жардам берүүчү заттарды камтыйт.

Организмге вацинаны киргизген учурда адамдын иммундук системасында өзгөрүү жүрүп, атайын иимунитет ишелип чыгат. Натыйжасында кийин жугузуу болсо деле оору такыр өрчүбөйт же болбосо жеңил формада өтөт.  

Вакцинанын курамы

Негизги компоненттери – микроорганизмдердин  жандуу, алсыздандырылган же инактивдештирилген – (өлүк) формалары же алардын токсиндери же үстүртөдөн алынган белоктору.

Жардам берүүчү заттар – вакциналардын коопсуздугун, эффективдүүлүгүн жана сактоо менен колдонууда туруктуулугун жакшыртуу үчүн вакциналардын курамына киргизилет.

Жардам берүүчү заттар:

Вакциналар иммундук жоопту күчөтүп жана вакцинанын булгануусун алдын алган жардам берүүчү заттарды камтыйт. Бул заттар аз өлчөмдө камтылган, ошондуктан баланын ден соолугуна коркунуч жаратпайт. Мисалы, консерванттар биз күндө колдонгон көпчүлүк азыктарда бар: йогурт, тетра таңгактарда сатылган сүт, шире ж.б.

Таасир этүүчү заттардын мүнөзүнө жараша вакциналар төмөнкү типтерге бөлүнөт:

Вакциналардын сапаты, эффективдүүлүгү жана коопсуздугу

Кыргызстанда колдонулган вакциналар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талаптарына жана рекомендацияларына жана GMP (тиешелүү өндүрүш практикалар) эл аралык стандарттарына жооп берет. Андан тышкары, ДСУнун алдын ала квалификация берүү процедураларынан өткөн.

Вакциналардын сапаты, эффективдүүлүгү жана коопсуздугу үчүн мамлекеттик көзөмөлдү КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти ишке ашырат. Алып келинген вакциналардын милдеттүү түрдө мамлекеттик сертификациядан, вакциналардын сериясынын атайын коопсуздук талаптарына жана нормативдик-техникалык документациянын экспертизасына ылайык келиши текшерилет. Сертификация жана дал келүү сертификатын алуу процедураларынан кийин вакциналарды саламаттыкты сактоо мекемелерине колдонууга уруксат берилет. Жер-жерлерде колдонулган вакциналардын андан аркы сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө, Ооруларды алдын алуу мамлекеттик борборлор жана административдик аймактардын мамлекеттик санитардык көзөмөлү тарабынан жүргүзүлөт.    

Өлкөдө вакциналарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын жана ЮНИСЕФтин ортосундагы Меморандумдун алкагында, ЮНИСЕФтин сатып алуу механизмдери аркылуу жүргүзүлөт. ЮНИСЕФтин сатып алуу бөлүмү эл аралык тендерлерди өткөрөт, ага продукциясы GMP эл аралык стандарттарына ылайык келген жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кайра квалификациялоо процедурасынан өткөн фармацевтикалык компаниялар гана катыша алат.

Кыргызстанда колдонулган вакциналардын сапаты Европада колдонулган вакциналардын сапаты менен бирдей. Вакциналардын компоненттери коопсуз жана эч кандай уулуу же тыюу салынган заттарды камтыбайт. Дүйнө жүзү боюнча кеңири колдонуат, анын ичинде Ислам шариятына (Сауд Аравиясы, Түркия ж.б.) кирген өлкөлөрдө дагы.

10 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан вакциналарды төмөнкү жеткирип берүүчүлөрдөн сатып алат:

Вакциналарды жеткирип берүүнүн бардык деңгээлдеринде өндүрүүчүдөн тартып саламаттыкты сактоонун дарылоо-профилактикалоо уюмдарына чейин, вакцинация алуучунун өзүнө чейин, сактоонун температуралык режимине жана температураны каттоочу каражаттарды колдонуп транспортировкалоосуна мониторинг жүргүзүлөт.

Облустук жана райондук кампаларга чейин вакциналар +2 ден +80С га чейинки температурада муздак чынжырчасын сактоону камсыздаган атайын авторефрижератор, кондиционерлеген муздатуучу эффектиси бар контейнерлер менен жеткирилет.

Вакцина сакталган жерлердин бардыгында, анын ичинде эмдөө жасала турган кабинетте дагы муздатуучу жабдык бар. Анын ичи оптималдуу температуралык режимди сактоо үчүн күнүнө эки ирет желдетилип турат.

Учеттун жана каттоонун данныйлары аталышын, сериясын, сактоо мөөнөтүн, келген/жөнөтүлгөн күнүн жана температуранын көрсөткүчтөрүн белгилөө менен “Вакциналардын жана сарпталуучу материалдардын кыймылын учетко алуу” стандарттык журналына киргизилет.

Эмдөөгө эмдөөнү өткөрүү тартибинин техникасын билген медициналык кызматкерлерге гана уруксат берилет. Препаратты колдонуу боюнча көрсөтмөгө ылайык келген өлчөмдө гана вакцина киргизилет. 

Иммундаштыруу тажрыйбасынын коопсуздук стандарттарын сактоо үчүн, атайын өзүн-өзү блокко салуучу шприцтер жана медициналык таштандылар үчүн коопсуз жок кылуу коробкалары колдонулат. Инъекциядан кийин калган флакондор, ийнелер, шприцтер атайын коопсуз жок кылуу коробкаларына (КЖК) чогултулуп, кийин медициналык таштандыларды жок кылуу боюнча улуттук талаптарга ылайык жок кылынат.  Эгер бир учурда бир нече эмдөө жасалса, ар бир вакцина башка шприц жана ийне менен дененин башка-башка аймактарына сайылат.