icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Мектеп жана эмдөө

👁 81
Опубликовано: 16 августа 2024

Мектеп жана эмдөө – экөөнүн ортосунда кандай өз ара байланыш бар?

Мектептин босогосун биринчи жолу аттаганда балдар психологиялык жана физикалык жүктү гана сезишпейт. Алар кадыресе үй шартынан таптакыр бейтааныш чөйрөгө, анын ичинде микробиологиялык чөйрөгө да туш болушат.

Мунун баары жаңы жагдайга көнө элек баланын ден соолугуна да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Жугуштуу оорулардын жайылышынын биринчи себеби – көп сандагы балдар менен тыгыз байланыш. Кадимки тумоодон тышкары, тез жугуштуу инфекциялар өзгөчө кооптуу болот, алардын арасында кызамык, кызылча жана паротит бар.

Иммунитеттин калыптануусунда 6-7 жаш курак маанилүү мезгил болуп саналат. Бул этапта бала жугуштуу оорулардын алдында аярлуу абалда болот. Камкор ата-энелер, албетте, өз убагында эмдөөлөрдүн жардамы менен балдарын оорулардан коргоп калышат.

Профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына ылайык бардык эмдөөлөрдөн өз убагында өтүш керек. Эмдөөлөрдүн календары жөнүндө биз көп эле жолу сөз кылганбыз, маалыматты профилден таба аласыз. Эмдөөдөн баш тартуу баланын ден соолугун коркунучка кептейт.

Рюкзакты китепке толтуруп, кооз, жаңы мектеп формасын сатып берип, окуп, жазганды үйрөтүп коюу жетишсиз. Эң негизгиси – баланын организмин көп сандагы балдар менен байланышка, коркунучтуу инфекцияларга туруштук бере ала тургандай даярдаш керек.

Эмдөөлөрдү окуу башталганга чейин алыш керек. Вакциналар акысыз, аларды ҮМБда/ҮДТда/ФАПтарда алууга болот.