icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кызамык боюнча кырдаал

👁 46
Опубликовано: 28 августа 2024

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору маалымдайт: өлкөдө кызамык менен катталгандардын саны ай сайын төмөндөп жатат.

1-августтан 20-августка чейин өлкөдө кызамык оорусунун 134 учуру катталды. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, июль айында 828, ал эми июнь айында 1257 учур катталган.

Жыл башынан бери 20-августка чейин Кыргызстанда кызамык менен 13 146 адам катталды.

Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаарында 4808, Ош шаарында 825, Ош облусунда 1796, Баткен облусунда 495, Чүй облусунда 3263, Жалал-Абад облусунда 1396, Ысык-Көл облусунда 239, Нарын облусунда 172, Талас облусунда 150 учур катталды.

Кызамык вирусу мурдагыдай эле Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында чыгып жатат. Балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон кала берүүдө.

Эске сала кетсек, кошумча жана тазалоочу эмдөө өнөктүктөрү кызамык менен күрөштө маанилүү иш-чаралардын бири болуп калды.

Бул өнөктүктүн кезектеги этабынын алкагында бүгүнкү күндө Талас облусунда максаттуу топко кирген 25 774 баланын ичинен 23 548и эмделди, бул 91 пайызды түзөт. Ысык-Көл облусунда максаттуу топко кирген 46 050 баланын ичнен 39 586сы эмделди, бул 86 пайызды түзөт. Нарын облусунда максаттуу топко кирген 26 340 баланын ичинен 19 979у эмделди, бул 76 пайызды түзөт. Баткен облусунда максаттуу топко кирген 80 084 баланын ичинен 57 873ү эмделди, бул 72 пайызды түзөт.

Пландуу жана кайра эмдөөнүн жүрүшүндө кызамыкка каршы вакцинанын 2 дозасын тең алган балдарды кошпогондо, эмдөөдөн 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы бардык балдар өтүүгө тийиш.

Жыл башында эмдөө боюнча ушундай эле өнөктүк Жалал-Абад облусунун аймагында жүргүзүлүп, анда максаттуу топко кирген 183 607 баланын ичинен 161 546сы эмделди, бул 88 пайызды түзөт.

Республикалык иммунопрофилактика борбору өлкөнүн аймактарында медициналык кызматкерлер үчүн тренингдерди демилгелеп, аларды туруктуу негизде өткөрүп келатат. Тренингдерде вакцинага каршы көрсөтмөлөр, алардын коопсуздугу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу маалыматтар берилет.