icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Республикадагы областтык вакцина сактоочу кампалар вакциналардын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу үчүн температураны аралыктан байкоочу приборлор менен жабдылды

👁 95
Опубликовано: 8 октября 2024

Кыргызстандагы областтык вакцина сактоочу кампалар температураны алыстан көзөмөлдөөчү приборлор менен жабдылды. Бул технология өзгөчө кырдаал болгон учурда тез чара көрүү үчүн муздак бөлмөлөрдөгү температураны реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана мониторинг жасоого мүмкүндүк берет. Вакцинаны сактоого талап кылынган температурасы өзгөрсө, аппарат жооптуу кызматкерлерге температуранын өзгөрүшү жөнүндө билдирүү жөнөтөт. Бул демилге GAVI, ДССУ жана ЮНИСЕФ тарабынан колдоого алынган вакциналарды сактоону жана жеткирүүнү жакшыртуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин ири долбоорунун бир бөлүгү.

«Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык колдонулуучу вакциналар ташуу жана сактоодо белгилүү бир температуралык режимди так сактоону талап кылат, анын бузулушу вакциналардын иммуногендик активдүүлүгүн жарым-жартылай же толук жоготууга алып келет. Ошондуктан, вакцинаны эффективдүү башкаруу үчүн стандарттык операциялык процедуралар республиканын бардык деңгээлдеринде сакталат. Бул жаңы система республиканын бардык аймактарындагы вакциналардын кампаларындагы температураны борборлоштурулуп көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет”, — дейт Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун кызматкерлери да температураны аралыктан көзөмөлдөөчү приборлорду колдонуу боюнча атайын окуудан өтүштү.

Буга чейин мындай жабдуулар мониторингди жакшыртуу максатында Бишкектеги эки борбордук сактоочу жайга орнотулган. Быйыл бул жабдуулар областтык вакцина кампаларынын муздаткыч камераларына орнотулду. Райондук деңгээлдеги муздаткыч камераларга мындай байкоочу аппараттарды акырындык менен орнотуу пландалууда. Температураны алыстан көзөмөлдөөчү приборлор бардык эл аралык стандарттарга жооп берет жана ДССУнун алдын ала баалоосуна ээ.

Жабдуулардын жалпы баасы 900 000 сомдон ашык (11 000 АКШ доллары).