icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Эмдөөнүн бул этабынын алкагында 14-октябрдан 19-октябрга чейин республика боюнча медицина кызматкерлери үчүн тренингдер өткөрүлүп жатат

👁 29
Опубликовано: 15 октября 2024

21-октябрдан 4-ноябрга чейин Кыргыз Республикасында кызамыкка жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө жүргүзүлөт.

Кызамыкка-кызылчага каршы вакцинаны алчулар: 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы эмделбеген балдар, ошондой эле буга чейин кызамык менен оорубаган жана эмделбеген же вакцинаны алып-албаганын билбеген саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери.

Тазалоочу эмдөөнүн максаты – эмделбей калган же кызамык күч алган маалда республиканын бардык аймактарында өткөрүлгөн өнөктүктүн алкагында бир гана жолу вакцина алган балдарды эмдөө.

Эмдөөнүн бул этабынын алкагында 14-октябрдан 19-октябрга чейин республика боюнча медицина кызматкерлери үчүн тренингдер өткөрүлүп жатат.

Тренингдерди Республикалык иммунопрофилактика борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөл департаментинин кызматкерлери, Оорулардын алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери өткөрүүдө. Тренингдердин программасында кызамык жана кызылча боюнча эпидемиологиялык кырдаал, вакциналардын коопсуздугу, тазалоочу эмдөө өнөктүгүн уюштуруу жана өткөрүү, муздатуучу чынжырды кармоо, ошондой эле вакциналарды натыйжалуу башкаруу стандарттарын сактоо жөнүндө маалыматтар камтылган.

Медициналык каршы көрсөтмөлөр, эмдөөнүн коопсуз практикасы, вакциналарды натыйжалуу башкаруу стандарттарын сактоо, калк менен байланыш түзүү жана каттоого алуу, Iemdoo маалыматтык системасында берилген дозаларды каттоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тренингдерди Республикалык иммунопрофилактика борбору жана коомдук саламаттык сактоо кызматтары Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Кыргыз Республикасында кызамыкка жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө жүргүзүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатында ГАВИнин техникалык колдоосу менен уюштурду.