icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргызстанда кызамык жана кызылча ооруларынын күч алышына жооп катары эмдөөдөн кийин балдар арасында кызамыкка каршы тазалоочу эмдөө өнөктүгү башталды

👁 18
Опубликовано: 22 октября 2024

21-октябрдан 4-ноябрга чейин республиканын бардык аймагында кызамыктын тамыр жайышына жол бербей, туруктуу жамааттык иммунитетти калыптандыруу боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды улантуу максатында кызамыкка жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө өнөктүгү өтөт. Өнөктүктүн алкагында вакцинаны биринчи кезекте 9 айлык курактан 7 жашка чыга элек эмделбеген балдар алат. Вакцина кызамык оорусунун белгилери бар адамдар менен байланышта болгондорго да сайылат.

Өлкөлүк өтүнмөнүн алкагында Кыргызстан кызамыкка жана кызылчага каршы 526 миң доза вакцина алды. Алар Вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын (ГАВИ) гуманитардык жардамынын алкагында кызамык оорусун токтотуу боюнча уланып жаткан өнөктүктү колдоо максатында жеткирилди. Вакциналарды жеткирүүгө ЮНИСЕФ көмөктөштү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында республикалык бюджеттин эсебинен 21 миллион сомго 294 миң доза вакцина сатылып алынган. Арыздардын жыйынтыгында өлкөгө жалпы суммасы 1 миллион 330 миң долларга (113 миллион 74 миң сом) кызамык жана кызамыкка каршы 1 миллион 587 миң доза вакцина бекер алынды. Көрүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын аймагында кызамыктын андан ары жайылышын тез арада алдын алууга мүмкүндүк берди жана республикада кызамык жана кызылча оорусунун олуттуу кыскарышына алып келди.

“Өткөн жылдан бери республикада кызамык оорусунун куч алышына жооп катары эки баскычтуу эмдөө өнөктүгү өтүп келатат. Бул өнөктүктүн алкагында 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы 818 939 бала эмделди, бул максаттуу топтун 84,6% түзөт. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында республикада кызамык учулары туруктуу негизде азайып жатат. Бул оң тенденцияны колдоп, туруктуу жамааттык иммунитетти түзүп, ошондой эле жогорку тобокелдиктеги топторду кызамыктан коргоо максатында 2024-жылдын 21-октябрынан 4-ноябрына чейин республиканын бардык аймактарында тазалоочу эмдөө өткөрүлөт”, — деди КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева.

“Бул оорунун алдын алуу үчүн коопсуз жана натыйжалуу вакцина бар экенин эске алганда, кызамык оорусу алып кеткен ар бир өмүр –  алдын алууга мүмкүн болгон трагедия. ДСУ өлкөлөрдү комплекстүү жооп чараларын көрүп жатканы үчүн баалайт, бирок ошол эле маалда ушул этапта өзүн өзү жооткотпой, сак болууга үндөйт. Биз толук эмделбеген жана такыр эмдөө албаган адамдар менен жигердүү иш жүргүзүп, бул коркунучтуу оорунун жайылышын токтотуп калышыбыз керек”, — деди ДССУнун Кыргызстандагы эмдөө боюнча техникалык кызматкери Жанара Бекенова.

“Башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстан да миңдеген балдарды ооруткан кооптуу кызамыкка туш болду. Мен бардык ата-энелерди балдарын кызамыкка каршы эмдөөгө үндөйм. Балдарга болгон мээрим жана камкордук биринчи кезекте оорудан коргоодон билинет. ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигинин бардык балдарды эмдөө боюнча аракеттерин мындан ары да колдой бермекчи. Биз бул иш өз жемишин берип жатканына күбөбүз – кызамык менен ооругандардын саны азайып жатат”, — деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Сильви Хилл.

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 13 358 учуру катталды. Акыркы айларда оорулардын саны туруктуу төмөндөп, июнь айында 1263, июлда 828, августта 260, сентябрда 108 учур катталган.

Көпчүлүк учурлар Бишкекте, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарында жана Ош шаарында катталууда.

Балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу жана кошумча эмдөөдөн баш тарткандардын олуттуу саны оорунун күч алышынын негизги себеби бойдон кала берүүдө.

Урматтуу ата-энелер! Эгерде сиз балаңызды кызамыкка каршы эмдей элек болсоңуз, анда муну тезинен жасашыңыз керек. Кызамыктын кесепеттери оор болот. Балдарды коргоп, алардын тазалоочу эмдөөнүн алкагында вакцина алуусун камсыздаңыз!

***Маалымат үчүн: Кызамык – коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, аны дарылоого болбойт. Оору өтүшүп кетсе, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Профилактикалык эмдөөлөрдү албаган балдар жана чоңдор тобокелдик тобуна кирет, вакцина гана аларды бул оорудан коргой алат.

КР Профилактикалык эмдөөлөр календарынын алкагында кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө балага 12 айында (КПК) жана 2 жашка чыкканда (КПК ревакцинациясы) жасалат, ошондой эле эмдөөнүн тазалоочу дозасы (ККВ) 9 айдан 7 жашка чыга элек балдарга ҮМБда/ҮДТда/ФАПта акысыз сайылат.

Толук маалыматты сайтыбыздагы “Кыргыз Республикасындагы вакциналардын түрлөрү” деген бөлүмдөн табууга болот. РИБдин расмий сайты: https://privivka.kg/

Жаңылыктарга социалдык тармактардан көз салып туруңуз:

Facebook: https://www.facebook.com/rcikg/

Instagram: https://www.instagram.com/privivka.kg/

Ишеним телефону: 0(312) 323011; 0(999) 323011; 0(703)126442; 0(703) 232564;