icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Аймактарда кызамыкка жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө жигердүү өтүп жатат

👁 54
Опубликовано: 1 ноября 2024

21-октябрдан 4-ноябрга чейин республика боюнча кызамыкка жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө өтүүдө, ошондой эле эмдөө Кыргызстандын эң алыскы калктуу конуштарында иштеген мобилдик бригадалардын жардамы менен ишке ашууда.

Өнөктүктүн алкагында эмдөөдөн биринчи кезекте буга чейинки өнөктүктөрдө эмделбеген 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар өтөт. Эмдөө ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери, ООЖнын жана ЖОЖдордун студенттери менен мугалимдери үчүн жүргүзүлөт.

Өнөктүк кызамыктын жайылышын токтотуп, республиканын жалпы аймагында туруктуу жамааттык иммунитетти калыптандыруу боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды улантуу максатында өткөрүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Өлкөлүк өтүнмөнүн алкагында өлкө кызамыкка жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө өнөктүгүн өткөрүү үчүн 526 миң доза вакцинаны алды. Вакцина Вакциналар жана эмдөөлөр боюнча Глобалдык альянстын (ГАВИ) гуманитардык жардамынын алкагында келди. Вакциналар ЮНИСЕФтин көмөгү менен жеткирилди.

Кызамыктын чыгышына жооп катары эмдөө өнөктүктөрүнүн жардамы менен республикада кызамык учурлары туруктуу түрдө азайып келатат. Бул көрсөткүчтү сактап, туруктуу жамааттык иммунитетти түзүп, ошондой эле республика боюнча кызамык инфекциясынан жогорку тобокелдикке кирген топторду коргоо үчүн 21-октябрдан 4-ноябрга чейин кызамыкка каршы тазалоочу эмдөөлөр өтүп жатат.

Урматтуу ата-энелер! Эгерде сиз балаңызды кызамыкка каршы эмдей элек болсоңуз, анда муну чукул арада жасашыңыз керек. Кызамык өтүшүп кетсе, анын кесепеттери өтө оор болот. Балдарыңызды коргоп калып, аларды тазалоочу эмдөөнүн алкагында эмдөөгө алып барыңыз!

*** Маалымат үчүн: кызамык – коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, аны дарылоого болбойт. Оорунун кесепеттери адамдын өмүрүн алып кетиши ыктымал. Профилактикалык эмдөөлөрдү албаган балдар жана чоңдор тобокелдик тобуна кирет, вакцина гана бул оорудан коргой алат.

КР Профилактикалык эмдөөлөр календарынын алкагында кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө балага 12 айында (КПК) жана 2 жашка чыкканда (КПК ревакцинациясы), ошондой эле эмдөөнүн тазалоочу дозасы менен (ККВ) 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдарга ҮМБда/ҮДТда/ФАПта акысыз жасалат.

Кененирээк маалыматты сайтыбыздагы “Кыргыз Республикасындагы вакциналардын түрлөрү” деген бөлүмдөн окуй аласыз. РИБдин расмий сайты: https://privivka.kg/

Жаңылыктарга соцтармактардан көз салып туруңуз:

Facebook: https://www.facebook.com/rcikg/

Instagram: https://www.instagram.com/privivka.kg/

Ишеним телефонуна чалсаңыз болот: 0(312) 323011; 0(999) 323011; 0(703)126442; 0(703) 232564;