Опубликовано: 19 марта 2025
Обновлено: 20 марта 2025
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, 2025-жылдын мартына карата өлкөдө кызамыктын 4 055 учуру катталды. Алардын ичинен 8 өлүм катталды: жаш курагы боюнча вакцина албагандар – бир жашка толо элек балдар (6 учур), медициналык себептер боюнча – 1 учур жана профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тарткан 1 учур.
Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаарында 2 567, Ош шаарында 211, Ош облусунда 303, Баткен облусунда 87, Чүй облусунда 545, Жалал-Абад облусунда 80, Ысык-Көл облусунда 70, Талас облусунда 95 жана Нарын облусунда 97 учур катталды.
3865 бейтап (95%) эмделген эмес: 1 262 учур – жаш курагынан улам эмделген эмес (31%), 1790 учурда эмдөөдөн баш тартуу себеп болгон (44%), 58 учурда миграция себеп болгон (1%), 397 учурда медициналык себептер боюнча эмделген эмес (10%), 358 учурда эмдөө статусу белгисиз болгон (9%).
Балдар арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон кала берүүдө.
Жалпысынан алганда, 2025-жылдын февралында облустардын көбүндө кызамык менен ооругандардын саны 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азайганы байкалды. Бул кызамыктын күч алышына жооп катары эмдөө иш-аракеттери таасирин тийгизип жатканын тастыктайт. Бирок Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында кызамык менен ооругандар көбөйгөнү байкалууда, бул болсо профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү багытында кошумча чараларды талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү иш-чараларды жүргүздү:
6-7-февралда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн калктын эмдөөгө болгон ишенимин жогорулатуу максатында тренинг өткөрүлдү.
2025-жылдын 21-февралынан 3-мартына чейин облустарда үй-бүлөлүк дарыгерлердин, инфекционист дарыгерлердин жана коомдук саламаттык сактоо адистеринин катышуусу менен тренингдер өткөрүлдү. Бул окуулар 2024-жылдын 28-ноябрындагы №1263 “Кыргыз Республикасында кызамыкка жана кызылчага эпидемиологиялык көзөмөлдү өркүндөтүү жөнүндө” жаңыланган буйрукка ылайык уюштурулду.
2025-жылдын 4-мартында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Б.К. Арыкбаева менен Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Абдулазиз кары Закировдун жумушчу жолугушуусу өттү. Бул жолугушууда вакцина менен башкарылуучу 13 инфекцияны камтыган КРнын Профилактикалык эмдөөлөр календарынын алкагында “Эмдөөгө карата исламдын көз карашы” фатвасын чыгаруу маселеси каралды.
2025-жылдын 7-мартында саламаттык сактоо министри Э.М. Чечейбаевдин, ДССУнун жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам штабдын жыйыны өттү.
2025-жылдын 14-мартында ДССУнун жана ЮНИСЕФтин өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүнүн катышуусу менен МККнын, Эмдөө боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобунун жана Республикалык эмдөө комитетинин кеңейтилген жыйыны өттү.
2025-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү министрлигинин, Социалдык коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Маданият министрлигинин жетекчилеринин, ошондой эле облустук жана райондук администрациялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен видеоконференция форматында селектордук кеңешме өттү.