icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргыз Республикасында кошумча эмдөөгө даярдык көрүүнүн алкагында медициналык кызматкерлер үчүн зоналык тренингдер башталды

👁 7

Опубликовано: 15 апреля 2025
Обновлено: 18 апреля 2025

Кыргыз Республикасында профилактикалык эмдөөлөрдүн календарынын мөөнөтүн өткөрүп жиберген 5 жашка толо элек балдарды кошумча эмдөөгө даярдык көрүүнүн алкагында медициналык кызматкерлер үчүн зоналык тренингдер башталды.‎‎

Зоналык тренингдер 2025-жылдын 14-апрелинен 26-апрелине чейин өлкөнүн бардык аймагында өткөрүлүп жатат. Окуулар КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2025-жылдын 11-апрелиндеги №380 буйругун аткаруу максатында уюштурулду.‎

Окуулардын негизги максаты – медициналык кызматкерлерди кошумча эмдөө өнөктүгүнө сапаттуу даярдоону камсыз кылуу. Өнөктүк 2025-жылдын 12-майында башталып, назарда 1 жаштан 5 жашка чейинки курактагы балдар болот.‎‎ Буга чейин, 2025-жылдын 10-апрелинде тренерлер үчүн тренинг (ТүТ) өткөрүлүп, ага райондор аралык оорулардын алдын алуу борборлорунун жана Мамсанэпидкөзөмөлдүн (РАОАБжМСЭК) жана ден соолукту чындоо кабинеттеринин (ДЧК) адистери катышкан.‎‎ Даярдалган тренерлер мындан ары эмдөөнү уюштурууда жана өткөрүүдө бирдиктүү мамилени жана сапаттын стандарттарын камсыз кылуу менен медициналык кызматкерлерди жеринде окутушат.‎‎

Тренингдердин маалында катышуучулар төмөнкү негизги темалар боюнча билим алышат:

Практикалык көндүмдөргө өзгөчө көңүл бурулат. Медициналык кызматкерлер алгоритмге ылайык кошумча эмдөө графигин түзгөндү үйрөнүшөт. Ошондой эле вакциналарды саюу боюнча мастер-класстар өткөрүлүп жатат.

Мындан тышкары, медициналык кызматкерлер усулдук материалдарды, анын ичинде эмдөө боюнча алгоритмдерди жана графикти алышат, ошондой эле жеринде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, диний лидерлер жана башка негизги өнөктөштөр менен байланыш түзгөндү өздөштүрүшөт.‎‎Өнөктүк максаттуу топтун 85 пайыздан кем эмесине жетүүгө багытталган жана 2024-2030-жылдарга профилактикалык эмдөөлөрдү жеткирүүнү жакшыртуу боюнча улуттук Иш-чаралар планынын бир бөлүгү болуп саналат.‎‎

ЖМК үчүн байланышуу жолдору:‎

Республикалык иммунопрофилактика борбору‎

Тел.: +996 (312) 32-30-11

‎Email: rci.mz.2012@gmail.com