icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азайып баратат

👁 34
Опубликовано: 8 мая 2024

Кыргыз Республикасында кызамык менен ооруган адамдардын саны төмөндөп жатканы байкалууда.

Кызамык оорусу катталган учурлардын көрсөткүчү, 2024-жыл

Кызамык оорусу катталган учурлардын жумалык көрсөткүчү

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору маалымдагандай, 2024-жылдын 7-майына карата кызамык оорусунун 9509 учуру катталды. Кыргызстанда кызамык оорусу өткөн жылы күч алган. 

Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, 2024-жылдын 7-майына карата Бишкек шаарында 3300, Ош шаарында 588, Ош облусунда 1442, Баткен облусунда 283, Чүй облусунда 2244, Жалал-Абад облусунда 1262, Ысык-Көл облусунда 167, Нарын облусунда 112, Талас облусунда 111 учур катталды.

Профилактикалык эмдөөлөрдүн календары боюнча Кыргызстанда кызамыкка, эпидемиялык паротитке жана кызылчага каршы вакцина бала 1 жашка чыкканда (биринчи доза) жана 2 жашка толгондо (экинчи доза) сайылат. 2023-жылдын 12 айында республика боюнча кызамыкка, эпидемиялык паротитке жана кызылчага каршы вакцинанын биринчи дозасын балдардын 96% (же 138 000 бала), ал эми экинчи дозасын 92,7% (же 146 325 бала) алган. Негизинен кызамык менен 1 жашка чыга элек балдар (КР Профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына ылайык вакцинанын биринчи дозасын алганга чейин) жана 1 жаштан 8 жашка чейинки курактагы балдар ооруп жатышат.

Өлкөдө оорунун күч алганына жооп катары кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгү өтүп жатат. 2023-жылдын 7-сентябрында өлкөгө 1 миллион долларга вакцинанын 755 500 дозасы келди. Өнөктүктүн алкагында бул вакцина менен 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар эмделди. 2023-жылдын сентябрь айынан ноябрь айына чейин өнөктүк эпидемиологиялык кырдаал начар аймактарда – Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында өткөрүлдү. Өнөктүк маалында 479 000 баланы кызамыктын оор кесепеттеринен сактап калуу мүмкүн болду. Андан соң Финансы министрлиги Жалал-Абад облусунун аймагында кызамык оорусуна каршы күрөшүү үчүн эмдөөнүн экинчи этабын өткөрүүгө 21 млн. сом бөлүп берди. ЮНИСЕФтин жеткирүү бөлүмү аркылуу кызамыкка жана кызылчага каршы вакцинанын 265 миң дозасы сатып алынды. 2024-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун аймагында кошумча эмдөөнүн экинчи этабы башталды. 2024-жылдын 13-апрелине карата максаттуу топко кирген 183 607 баланын ичинен 156 262 бала эмделди, бул вакцина алышы керек болгон балдардын 85 пайызын түзөт. Апрелдин аягында Европалык эмдөө жумалыгы өттү. Жумалыктын жүрүшүндө адистер калк арасында жигердүү түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мобилдүү топтор балдарга вакцина сайышты. Эмдөө азыр да уланууда.

.