icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Бүгүн, 17-майда Ош шаарында педиатрлар жана үй-бүлөлүк дарыгерлер үчүн тегерек стол өттү

👁 208

Опубликовано: 17 мая 2024
Обновлено: 20 мая 2024

Вакцина менен башкарылуучу инфекцияларга каршы күрөшүү маселелерин талкуулоого арналган иш-чара КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 18-апрелиндеги №407 “Кыргыз Республикасында Европалык эмдөө жумалыгын өткөрүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатында өткөрүлдү. Иш-чараны уюштурууга техникалык колдоону ЮНИСЕФ көрсөттү.

Иш-чарада Республикалык иммунопрофилактика борборунун врач-эпидемиологу Айчүрөк Макилова жана Ош облусунун облустук иммунологу Орозгүл Таирова баяндама жасашты.

Иш-чаранын катышуучуларына 2020-2024-жылдарга “Иммунопрофилактика” программасын ишке ашыруу, түштүк аймакта кызамык жана көк жөтөл оорулары боюнча эпидемиологиялык абал, вакцина менен башкарылуучу инфекциялардын алдын алуу, вакциналардын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө баяндамалар сунушталды.

Тегерек столдун катышуучулары иш тартибин талкуулап, баяндамачыларга суроолорду узатып, вакцина менен башкарылуучу инфекциялар менен күрөшүү боюнча конкреттүү чаралар жөнүндө сүйлөштү.