icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Бишкекте өткөн иш-чаранын алкагында вакциналарды жана дары-дармектерди ташуу үчүн 10 автопикап салтанаттуу аземде тапшырылды

👁 165
Опубликовано: 5 июля 2024

Бүгүн Медицина кызматкеринин күнүнө карата Бишкекте өткөн иш-чаранын алкагында вакциналарды жана дары-дармектерди ташуу үчүн 10 автопикап салтанаттуу аземде тапшырылды.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова жана бардык облустардагы райондор аралык ОПБжМСЭКнын башкы дарыгерлери катышты.

“Биз бул автоунаалар эмдөө көрсөткүчтөрүн жогорулатып, жарандардын ден соолугун коргоо үчүн вакциналарды өлкөнүн алыскы аймактарына өз убагында жана кыска мөөнөттө жеткирүүгө жардам берет деп ишенебиз”, — деди Акылбек Жапаров.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Вакциналар жана эмдөө боюнча Глобалдык альянстын (ГАВИ) “Вакциналарды жеткирүүнү колдоо программасы” грантын ишке ашыруу максатында 2024-жылы чыгарылган Toyota HILUX үлгүсүндөгү 26 автопикапка өтүнмө берген.  Автопикаптар ГАВИнин жол-жоболору боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Меморандумунун алкагында сатып алынып, жеткирилди. Өлкөгө 16 автоунаа келип, июнь айынын башында өткөрүлүп берилген.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун жамааты кырдаалды талдап чыгып, өтүнмө жиберүү үчүн негиздемелерди даярдап, ЮНИСЕФ менен чогуу автопикаптарды тандап, тендердик жана техникалык документтерди тариздөө боюнча кыйла көп иштерди жасашты.

Жаңы автопикаптар вакциналарды жана дары-дармектерди өлкөнүн алыскы аймактарына жеткирүүгө жардам берет. Бул автоунаалар вакциналарды күндүн түз нурунан коргоо үчүн атайын панелдер менен жабдылгандыктан тандалып алынды.

Бул автопикаптар эмдөө иштерин жүргүзүү үчүн вакциналарды жана дары-дармектерди алыскы райондорго жана жолу татаал аймактарга ташып жеткирүү үчүн облустук жана райондук коомдук саламаттык сактоо кызматтарына өткөрүлүп берилет.