icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Бишкекте басма сөз жыйыны өтүп, ага КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун жана Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

👁 300
Опубликовано: 20 марта 2024

Брифинг Кыргызстандагы кызамыктын айланасындагы кырдаалга арналды. Республикада кызамык боюнча абал курч бойдон кала берүүдө: 2024-жылдын 18-мартына карата өлкөдө кызамык оорусунун 6081 учуру катталды. 2023-жылы кызамык менен ооругандардын саны 7046га жеткен.

2018-жылдан бери “Эмдөө: мамлекет менен диний уюмдардын эриш-аркак иштешүүсү” деп аталган резолюциянын алкагында саламаттык сактоо уюмдары Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) өкүлдөрү менен кызматташып келатат. Ал эми 2019-жылы КМДБнын Уламалар кеңеши эмдөөгө тиешелүү фатва кабыл алган.

Гульбара Ишенапысова КМДБ менен кызматташуу өтө чоң мааниге ээ экенин белгиледи, себеби бүгүнкү күндө эмдөөдөн баш тарткан 20 миң адамдын 48 пайызы диний жүйө келтиришкен, ал эми 43 пайызы вакцинанын коопсуздугунан жана натыйжалуулугунан күмөн санап жатканын айтышкан.

Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору диний өкүлдөр менен тегерек стол талкууларын, жолугушууларды өткөрүп турат. Диниятчылардын сунушу менен фатваны кайра карап чыгуу маселеси талкууланып, бүгүнкү күндө КР ССМ, КМДБ менен биргеликте жумушчу топ түзүп жатышат.

“КМДБ эмдөө иштерин толугу менен колдойт, бул багытта иштер жасалган жана мындан ары да улантыла бермекчи. Мен өзүм калктын саламаттыгын сактоодо дарыгерлердин ишин колдойм жана балдарымды эмдөөдөн калтырбайм”, — деди Кыргызстан муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадыбердиев.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда кызамык оорусуна жооп иретинде эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды, ал Жалал-Абад облусунда өтөт.

Эмдөөнү ҮМБдан/ҮДТдан/ФАПтан жана билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан акысыз алууга болот.

Бардык башка облустарда кызамыкка-паротитке-кызылчага (КПК) каршы вакцина менен пландуу эмдөөнүн алкагында кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө иштери күчөтүлдү. Кызылчага-кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозалары келгенине жараша өлкөнүн калган аймактарында да кошумча эмдөө башталат.

Бардыгыңыздардан балдарыбыздын ден соолугу жана коопсуздугу жөнүндө ойлонуп, кызамык оорусуна каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөбүз.

Балдарын эмдөөдөн өткөрүп жаткан ата-энелерге ыраазычылык билдиребиз жана бул иште медицина кызматкерлерин колдоп берүүгө үндөйбүз.