icon search
Закрыть
Консультант
Онлайн
Вы вошли в чат
Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Здравствуйте, у нас есть календарь прививок
Доброго времени суток! Специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики на данный момент отсутствуют, Вы можете оставить свое сообщение тут и с Вами обязательно свяжуться.

Заполните поля

Спасибо за вопрос!

Проверяйте папку "СПАМ"
Календарь прививок

Бишкекте Европалык эмдөө жумалыгынын жыйынтыктары чыгарылды

👁 263
Опубликовано: 16 мая 2024

15-майда Бишкекте Европалык эмдөө жумалыгынын жыйынтыктарын талкуулоо боюнча жолугушуу өттү. Бул жылы эмдөө жумалыгы бардык курактагы адамдарга пландуу эмдөөнү жеткирүүнүн жогорку көрсөткүчүн сактоо максатында “Муундарды коргоо” деген ураан менен өттү.

Иш-чарага КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасында калкты пландуу эмдөөнүн натыйжасында жаңы төрөлгөн ымыркайларда кептөөр (дифтерия), селейме, кургак учук менингити өңдүү вакцина менен башкарылуучу оорулар, 19 жашка чейинкилердин арасында В вирустук гепатити катталбайт. 1993-жылдан бери Кыргызстан “полиомиелиттен эркин өлкө” деген статусту алып жүрөт.

Пресс-кафенин жүрүшүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору өз презентациясында калк үчүн эмдөө жумалыгынын мааниси жөнүндө айтып берип, Европалык эмдөө жумалыгында жетишилген көрсөткүчтөргө токтолду. КР Профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык 54 362 адам эмдөөдөн өткөн. Эмдөө стационардык пункттарда жана көчмө топтордун жардамы менен жүргүзүлдү. Ошондой эле Гүлбара Ишенапысова медицина кызматкерлеринин калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө кошкон салымын белгиледи. Калк менен иштөөнүн негизги максаты – ар бир бала вакцина менен алдын алууга боло турган оорулардан коргонууга муктаж экени жана мындай коргоого укуктуу болгону тууралуу маалыматты жеткирүү.

Мындан тышкары пресс-кафенин жүрүшүндө саламаттык сактоонун бардык деңгээлдеги уюмдарынын медициналык кызматкерлерине даректелген “Иммунопрофилактика маселелери боюнча чөнтөктөгү маалымдама” китебинин бет ачары болду. Окуу китеби ДСУнун Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинин колдоосу менен иштелип, басылып чыккан.